Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 1
Айылдык Кеңештин жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылга аткарылышын бекитүү жана 2017-жылга кабыл алуу
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга аткарылышы, 2017-жылга киреше, чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн 2016-жылга такталган кирешелердин аткарылышы атайын каражаттар менен 12035,6 миң сом өлчөмүндө №1 тиркеме, чыгашалар бөлүмдөр, статьялар аралык жылдыруулар менен 12252,3 миң сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2017- жылга бюджеттин кирешелеринин көлөмү жалпысынан 10645,2 миң сом анын ичинен теңдөө гранттын көлөмү 5587,0 миң сом, жергиликтүү бюджет 3766,7 миң сом, атайын каражат менен 1291,5 миң сом №3 тиркемеге ылайык ал эми чыгымдардын көлөмү бөлүмдөр, беренелер боюнча 10645,2 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2017-жылдын 1-январына казынадагы жергиликтүү бюджетте калган калдык 683,1 миң сомду түзөт, маданият бөлүмүнөн 2221 статьясына 18,0 миң сом, 3111 статьясына 300,0 миң сом, 70911 бөлүмүнө 2221 статьясына 30,0 миң сом, 70111 бөлүмүнө 2221 статьясына 255,1 миң сом, 3111 статьясына 80,0 миң сом №5 тиркемеге ылайык чыгымдалсын.
4. 2017-жылга Республикадан берилген теңдөө гранты, жергиликтүү кирешелер биринчи кезекте эмгек акы жана соц фондго чегерүү, тамак-аш, көмүргө, коммуналдык чыгымдарды каржылоого багытталсын.
5. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси” жөнүндө мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 98,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2017-жылдын 01.01. кассадагы калдык 17,5 сомду төмөнкү беренелерге: 2211-2,2 миң сом культура, 2211 - 11, 6 миң сом аппарат, 2721- 1,5 миң сом 2212-2,2 миң сом №6 тиркемеге ылайык чыгымдалсын.
7. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик администрация» жөнүндөгү мыйзамынын №52 статьясына ылайык, калктын санына жараша айыл өкмөтүнө 2 айыл башчы штат бирдиги кармалсын жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен төлөнсүн.
8. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу үчүн кол тийбестик фондко 50,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. К.Р Өкмөтүнүн №384 28.06.2013-жылдагы №403 08.07.2013-жылдагы токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штат бирдиги жана эмгек акысы №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын №29 беренесине жана №31 беренесинин 7,10 пунктарына ылайык айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин ишинин натыйжалары боюнча баалоону эске алуу менен сыйакы төлөнсүн жана социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынан материалдык жардам төлөп берүү жагы №7/1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №545 токтомуна ылайык маданият кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр №8 тиркемеге ылайык төлөнүп берилсин.
12. Айыл өкмөтүндө жыйналган атайын каражаттардын суммасын казына аркылуу пайдаланылсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100% республикалык бюджетке алынышы белгиленсин.
13. Айыл өкмөтү боюнча жүгүртүүдөгү накталай акча 2018-жылдын 1-январына карата 30,0- миң сом суммасында белгиленсин.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жыл 2-мартындагы №87 токтомунун талабына ылайык айыл аймагындагы жалпыга билим берүүчү Ю.А.Гагарин, С.Жээнбеков, А.Тажибаев атындагы орто мектептерине, “Байчечекей” балдар бакчасына электр энергиясына лимит №10 тиркемеге ылайык бекитилсин жана лимитти сактоо жагы ар бир мекеменин жетекчилигине милдеттендирилсин.
15. Ленин айыл өкмөтүнүн экономист-статист штатынын эмгек акысы республикалык бюджеттен каржыланып жаткандыгына байланыштуу эмгек стажына кошумча төлөөлөр, класстык чиндерин төлөө жана ушул эле токтомдун №12 пунктунда көрсөтүлгөн төлөп берүүлөр жергиликтүү бюджет эсебинен төлөнүп берилсин.
16. Ленин айылындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер төлөмүнөн түшүүчү (атайын каражат) суммасы 650,0 миң сомго бекитилип, чыгымдары балдардын тамак-ашына багытталсын жана долбоорлор аркылуу түшүүчү 641,5 миң сом планга бекитилип, 31113290 беренесине чыгымдалсын. Планды которуу жагы КР ФМ нин Сузак райондук башкармалыгынан суралсын.
17. .Ленин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин бюджети 704 бөлүм менен түзүлсүн. Киреше бүлүгү 47,7-мин сом жана чыгыша бөлүгү эмгек акыга 18,6 миң сом, соц фондко чегерүүлөр 3,2 миң сом, сапар чыгымдарына 5,5 миң сом, учурдагы чарбалык чыгымдарга жана башка ар түрдүү чыгымдарга 4,5 миң сом чыгымдалышы бекитилсин. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 31,8 миң сому киреше планга бекитилип жана чыгымдоо жагы беренелерге ылайык чыгымдалсын. Планды жогорулатуу жагы КР ФМнин Сузак райондук башкармалыгынан суралсын жана КР “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын №11 беренесине ылайык жайыт төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттардын үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмеси жергиликтүү бюджеттке төлөө белгиленсин.
18. Айыл чарба багытындагы жер салыгынын (сугат) ставкасы 10% га, КБФнун жерлерин ижарага берүүдө сугат категориясынын 1-гектары 200 (эки жүз) сомго №9 тиркемеге ылайык жогорулатылсын.
19. 2017-жылда жергиликтүү бюджетке жыйналган кошумча кирешелер айылдык кеңештин сессиясынын токтому менен пайдалануу белгиленсин. (№ 10, 11 тиркеме)
20. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы ФЭБ башчысына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |
| Тиркеме № 1 |