Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-июлу № 373
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
1) 2-пункттун 34-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 10-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдаланган жеке ишкерлер үчүн (текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданма кызматкерлерди жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлерди кошпогондо);";
3) 20-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 212 - 219-пункттар менен толукталсын:
"212. 2019-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгил үчүн эсептешүү ведомосттору кызмат көрсөтүү (жумуштарды аткаруу) жөнүндө жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдин же берилген ишеним каттын негизинде төлөөчү же анын өкүлү тарабынан камсыздоочуга баруу тартибинде берилет.
213. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр эсептешүү ведомостун камсыздоочуга кагаз түрүндө 2 нускада (биринчиси - ыйгарым укуктуу орган үчүн, экинчиси - төлөөчүгө кайтарылат), ошондой эле электрондук түрдөгү маалыматтарды жүктөө үчүн электрондук алып жүрүүчүдө (флэш-картада) берет.
214. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр эсептешүү ведомостунун реквизиттерин толтуруунун төмөнкү талаптарын сактоого тийиш:
1) отчеттук мезгил - эсептешүү ведомосту берилген эсептешүү мезгили көрсөтүлөт;
2) эсептешүү ведомосту берилген дата - эсептешүү ведомосту берилген дата КК.АА.ЖЖЖЖ (мисалы: 03.03.2013) милдеттүү форматында көрсөтүлөт;
3) төлөөчүнүн аталышы - тамгалардан турган уюмдун (ишкананын) аталышы көрсөтүлөт;
4) СИН - салык кызматы тарабынан ыйгарылган салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, туура 14 цифрадан турат. СИН алдында, ортосунда, аягында чекит коюуга тыюу салынат;
5) төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондундагы каттоо номери - камсыздоочунун региондук органы тарабынан ыйгарылган жана камсыздандыруучуга билдирүүдө көрсөтүлгөн, цифралардан турган төлөөчүнүн эсептик каттоо номери;
6) ОКПО коду - ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификатору боюнча төлөөчүнүн коду, 8 цифрадан турат;
8) юридикалык дарек - төлөөчүнүн юридикалык дареги, тамгалардан жана цифралардан турат;
9) банк (аталышы) - төлөөчүнүн алыш-бериш эсеби бар банктын аталышы, тамгалардан турат;
10) алыш-бериш эсеби - төлөөчүнүн банктагы алыш-бериш эсеби көрсөтүлөт, цифралардан гана турат;
11) иштин түрү - ишкананын экономикалык ишинин түрү көрсөтүлөт, тамгалардан турат;
12) иштегендиги жана эмгек акы жөнүндө билдирүүдө кызматкердин идентификациялык жеке номери (ИЖН) көрсөтүлөт, ал туура 14 цифрадан турат;
13) кызматкердин аты-жөнү - тамгалардан турат жана ортолору боштуктар менен ажыратылат. Мисалы: Асанов Асан Алиевич;
14) бийик тоолуу шарттарда жана алыскы райондордо иштеген кызматкерлердин коду - төмөнкү классификаторго ылайык туура 3 цифрадан турат:
500 - бийик тоо коэффициенти;
501 - алыскы райондор коэффициенти.
Эгерде кызматкер бийик тоолуу шарттарда жана алыскы райондордо иштеген кызматкерлерге кирбесе - код көрсөтүлбөйт, б.а. тилке толтурулбайт;
15) иш башталган дата КК.АА.ЖЖЖ форматында көрсөтүлөт.
Мисалы: 01.01.2019.
Кызматкер 15.01.2019-ж. жумушка алынган учурда, иш башталган дата катары 15.01.2019 көрсөтүлөт;
16) иш аяктаган дата - КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт.
Мисалы: 31.01.2019.
Кызматкер 25.01.2019-ж. бошотулган учурда, иш аякталган дата катары 25.01.2019 көрсөтүлөт;
17) кызматкер акы төлөнбөөчү өргүүдө болгондо, ошол отчеттук мезгилде эмгек акы жана башка кирешелер эсептелген иш жүзүндө иштеген күндөрү болгондо, толук мезгил - календардык ай көрсөтүлөт;
18) кызматкер акы төлөнүүчү өргүүдө болгондо, толук мезгил -календардык ай көрсөтүлөт;
19) кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу жок болгондо мезгили - толук календардык ай көрсөтүлөт;
20) күндөрдүн саны - бир айдын ичиндеги 31 күндөн ашпаган иш күндөрдүн саны көрсөтүлөт, цифралардан турат;
21) иш жүзүндөгү күндөрдүн саны - ай ичиндеги иш жүзүндө иштеген күндөр, цифралардан турат. Мисалы: