Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 08-февралындагы № 3-Б
Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча колдонмону бекитүү
тууралуу
Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобонун” 10-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо”гезитине жарыяласын;
2) буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-мартындагы № 44-Б “Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча колдонмону бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору У.А. Аманбаевге жүктөлсүн.
Министр |
| А.К.Бакетаев |
Тиркеме
Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча
колдонмо
1. Жалпы жоболор
1. Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча ушул колдонмо (мындан ары - Колдонмо) бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүүнүн тартибин аныктайт. Финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту тапшыруунун максаты бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчиликтерин финансылык башкаруу жана контролдоо системасын баалоо жана отчеттуулук аркылуу күчөтүү болуп саналат.
2. Ушул Колдонмонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, административдик ведомстволоруна жана башка мамлекеттик органдарына (мындан ары – бюджеттик мекемелерге) жайылтылат.
2. Финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчеттун формасын түзүү тартиби
3. Бюджеттик мекемелер жыл сайын финансылык башкаруу жана контролдоо системасынын функционалдуулугун баалоону жүзөгө ашырат жана өткөн жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту (мындан ары – жылдык отчет) ушул Колдонмонун тиркемесине ылайык толтурат.
4. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери финансылык башкаруу жана контролдоо системасын баалоо процессин уюштуруу үчүн жооптуу болуп саналат.
5. Жылдык отчет өзүн өзү баалоону камтыйт, ал төмөндөгүдөй түзүлөт жана берилет:
1) бюджеттик мекемелердин жетекчилери иштин чөйрөсүнө, татаалдыгына жана иштин көлөмүнө жараша буйрук менен жумушчу топ түзөт же финансылык башкаруу жана контролдоо системасын баалоо процессин координациялоо үчүн жооптуу адамды/түзүмдүк бөлүмдү (мындан ары – жооптуу адам) дайындайт;
2) түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери уюмдун жетекчисине өздөрүнүн ички контроль системасынын иштеши, адекваттуулугу, натыйжалуулугу жана майнаптуулугу жөнүндө маалыматты берет.
6. Жооптуу адам жыл сайын бюджеттик мекеменин жетекчилиги белгилеген мөөнөттө жылдык отчеттун тийиштүү компоненттерин толтурууну уюштурат.
7. Жылдык отчет өзүнө алты главаны камтыйт:
1) контролдук чөйрө, анын максаты жетекчилердин жана кызматкерлердин этикасын, башкаруучулук стилин, уюштуруучулук түзүмүн, милдеттерди бөлүштүрүүнү жана жоопкерчилигин, персоналды башкарууну жана анын компетенттүүлүгүн баа берүү аркылуу бюджеттик мекемелердин контролдук чөйрөсүн баалоо болуп саналат;
2) сапаттуу мүнөздөмөлөрдү жана тобокелдиктерди башкаруу, анын максаты бюджеттик мекемелер тарабынан максаттарды, стратегиялык жана учурдагы милдеттерди, тобокелдиктерди башкарууну белгилөөнү аныктоо;
3) контролдук иш-чаралар, анын максаты саясаттарды жана жол-жоболорду баалоо, ал функцияларды аткарууну камсыз кылууга, тобокелдиктерди башкарууга жана үнөмдүү, натыйжалуу жана майнаптуу жолдор менен милдеттерге жетүүгө өбөлгө түзөт;
4) маалымат жана коммуникация, анын максаты ички жана тышкы коммуникациялык жана маалыматтык системаларды, ошондой эле маалыматтардын санын, сапатын, мезгилдүүлүгүн жана булактарын баалоо;
5) мониторинг, анын максаты контролдук иш-чаралардын жеке байкоо системасын баалоо;
6) эсептер, транзакциялар жана маалыматтык технологиялар, анын максаты операциялардын жана маалыматтык технологиялардын түрлөрү боюнча жеке контролдук иш-чараларды баалоо болот.
8. Жылдык отчет зарыл учурларда бюджеттик бюджеттик мекемелердеги иштердин өзгөчөлүгүнө жана процесстердин татаалдыгына жараша бюджеттик мекеме тарабынан баалоого тийиштүү башка маселелер/главалар менен толукталышы мүмкүн.
9. “Эскертүү” мамычасы жылдык отчеттон суроого жоопту аргументтөө/колдоо үчүн тийиштүү башка маалымат менен толтурулат.
10. Жооптуу адам жылдык отчеттун формасынын ар бир суроосу боюнча жоопторду жалпылайт жана төмөндөгүдөй метод менен (жалпысынан бюджеттик мекеме боюнча) ар бир суроого жооптордун үлүшүн эсептеп чыгат: