Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2024-жылдын 08-февралындагы № 3-Б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
2014-жылдын 27-марты № 44-п
Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча Колдонмону бекитүү тууралуу
«Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» 2013-жылдын 31-декабрындагы №722 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 2-беренесине жана 2013-жылдын 31-декабрындагы №722 Кыргыз Республикасынын токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө Жобонун 10-беренесине ылайык, мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү максатында
БУЙРУК КЫЛАМ
1. Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү жөнүндө тиркелген Колдонмо бекитилсин.
2. Министрликтер жана ведомстволор тиркелген тизмеге ылайык 2014-жылдын 1-апрелине чейин Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгына бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту тапшырышсын.
3. Коомчулук менен байланыш боюнча секторуна (Малаев Н.К.) бул буйрукту жана анын тиркемелерин расмий жарыялоолорду жалпыга маалымдоо каражаттарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык камсыздалсын.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр | О. Лаврова |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-мартындагы № 44-п буйругу менен бекитилген |
1.Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүү боюнча ушул Колдонмо (мындан ары - Колдонмо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы №722 токтому менен бекитилген бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө Жобого ылайык иштелип чыккан жана жана финансылык башкаруунун жана контролдоонун абалы жөнүндө жылдык отчетту түзүүнүн тартибин аныктайт.