Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-ноябры № 613
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын катышуусу менен оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
- 1.2-пунктта:
мамлекеттик тилде төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Жол шарттары" - кыймыл багытында көрүнүүнү жолдун жүрүү бөлүгүнүн абалын (тазалыгын, тегиздигин, бүдүрлүүлүгүн, кармашын), ошондой эле анын кеңдигин, түшүүлөрдөгү жана көтөрүлүүлөрдөгү эңкейиштердин чоңдугун, бурулуштарды жана тегеректөөлөрдү, тротуарлардын жана жолдун четинин, жол кыймылын уюштуруучу каражаттардын болушун жана алардын абалын мүнөздөгөн (жыл мезгилин, сутканын мезгилин, атмосфералык кубулуштарды, жолдун жарыктандыруусун эске алуу менен) факторлордун жыйындысы.";
мамлекеттик тилде элүү биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жөө адам" - транспорт каражатында болбогон жолдо же жөө адам өткөөлүндө же веложөө жүрүү жолунда болгон жана анда иш жүргүзбөгөн адам. Майыптардын коляскасында бараткан, велосипедди, мопедди, мотоциклди жетелеген, чананы, арабаны, балдардын же майыптардын коляскасын сүйрөгөн адамдар жөө адамдарга теңештирилет.";
расмий тилде элүү экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Пешеход" - лицо, находящееся вне транспортного средства на дороге либо на пешеходной или велопешеходной дорожке и не производящее на них работу. К пешеходам приравниваются лица, передвигающиеся в инвалидных колясках, ведущие велосипед, мопед, мотоцикл, везущие санки, тележку, детскую или инвалидную коляску.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Велосипед жолу" - велосипедчендердин кыймылына арналган жана 4.4.1 белгиси менен белгиленген, жүрүүчү бөлүктөн жана тротуардан конструкциялык жактан бөлүнгөн жолдун элементи (же өзүнчө жол).
"Велосипед зонасы" - башталышы жана аягы тиешелүү түрдө 5.33.1 жана 5.34.1 белгилери менен белгиленген, велосипедчендердин кыймылына арналган аймак.
"Кайра жабдуу (транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү)" - транспорт каражаты жүгүртүүгө чыгарылгандан кийин аткарылган жана жол кыймылынын коопсуздугуна таасирин тийгизген конкреттүү транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган курамдык бөлүктөрдү жана жабдуулардын предметтерин алып салуу же орнотуу.
"Жөө адам жана велосипед жолу (веложөө жүрүүчү жол)" - велосипедчендердин жөө жүргүнчүлөр менен өз-өзүнчө же биргелешкен кыймылына арналган жана 4.5.2-4.5.7 белгилери менен белгиленген жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн конструктивдүү бөлүнгөн элементи (же өзүнчө жол).";
- 2.1.1-пунктунун сегизинчи абзацы "контролдоо" деген сөздөн кийин "жана (же) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2.3.5-пункт менен толукталсын:
"2.3.5. Калктуу конуштардан тышкары жерлерде сутканын караңгы мезгилинде же көрүү чектелген шартта транспорт каражаты токтоого мажбур болгон же жол-транспорт кырсыгына кабылган учурда жолдун жүрүүчү бөлүгүндө же жол четинде турганда жарыкты чагылдыруучу материалдын тилкелери бар куртка, жилет же жеңил жилет кийип жүрүүгө.";
- 4.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1. Жөө адамдар тротуар же жөө басуучу жолдор, веложөө жүрүүчү жолдор менен, ал эми булар жок болгон учурда жолдун чети менен басууга тийиш. Көлөмдүү буюмдарды ташып же көтөрүп бараткан жөө адамдар, ошондой эле майыптар коляскасында бараткан адамдар, эгерде алардын тротуар же жолдун чети боюнча кыймылы башка жөө адамдар үчүн тоскоолдук жаратса, анда алар жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой жүрө алат.
Тротуарлар, жөө басуучу жолдор, веложөө жүрүүчү жолдору же жол чети жок болсо, ошондой эле алар менен жүрүүгө мүмкүн болбосо, анда жөө адамдар велосипед жолдору боюнча же жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой (ажыратуучу тилкеси бар жолдордо - жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн тышкы чети боюнча) бир катар баса алат. Мындай учурда велосипед жолдору менен баратканда, ошондой эле мындай жолдорду кесип өткөндө жөө адамдар велосипедчендерге жол берүүгө тийиш.
Жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой баратканда жөө адамдар транспорт каражаттарынын кыймылына утурлап басууга тийиш. Майыптар коляскасында бараткандар, мотоцикл, мопед айдап, велосипед тээп бараткандар, мындай учурда транспорт каражаттарынын кыймылынын жүрүшү боюнча жылууга тийиш.
Сутканын караңгы мезгилинде же көрүү чектелген шарттарда жөө адамдарга жолду кесип өтүүдө жана жолдун чети же жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой басууда сунуш кылынат, ал эми калктуу конуштардан тышкары жерлерде жөө адамдар жарыкты чагылдыруучу элементтери бар предметтерди алып жүрүүгө жана транспорт каражаттарынын айдоочуларынын бул предметтерди көрүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.";
- жогоруда аталган Эрежелердин 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 94 жарыяланды