Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 25-марты № 107-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 257-т тескемесинин редакциясына ылайык)
“Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 12, 14-беренелерине жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасынын иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык;
3) 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасынын бюджети 3-тиркемеге ылайык;
4) 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Программаны жана Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
2) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Программаны жана Иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигине берип турсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 257-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 257-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| 3-тиркеме |