Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Суу ресурстары кызматы жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69, 2025-жылдын 20-майындагы № 264, 2025-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735, 2026-жылдын 13-майындагы № 338, 2026-жылдын 17-июлундагы № 492 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) суу ресурстарын башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин тескемелерин жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, суу мамилелеринин субъекттери, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
5. Кызмат мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдердеги белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары жана башка атрибуттары болот.
6. Кызмат өзүнө бекитилип берилген, негизги фонддордон, жүгүртүлүүчү каражаттардан жана башка материалдык баалуулуктардан турган мүлктү оперативдүү башкарат.
7. Кызмат ага бөлүнгөн жана суу ресурстарын башкаруу, жөнгө салуу, сарамжалдуу пайдалануу максаттарына, ошондой эле мамлекеттин менчигинде турган суу чарба инфраструктурасынын объекттерин жана башка суу чарба системалары менен курулмаларын күтүүгө, эксплуатациялоого жана өнүктүрүүгө топтолгон бюджеттик жана башка каражаттардын тескөөчүсү болуп эсептелет.
Кызматтын каржылоо булагы болуп Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен түшүүчү каражаттар жана атайын эсептерде топтолгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн каражаттар саналат.
8. Кызматтын расмий аталышы:
толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы";
- расмий тилде: "Служба водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей Кыргызской Республики";
кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "СРК";