Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы № 338
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98
«Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл
чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жөнүндө жободо:
12-пунктта:
– 2-пунктчанын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– жер астындагы суулардын мониторинги, скважиналарды куруу, бургулоо, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча Бирдиктүү заказчынын функциясын аткарат;»;
– 6-пунктчанын тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү боюнча ишти камсыз кылат;»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы «Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо: