Загрузка документа…
26-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735, 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы «Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы «Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору» мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Борбор) ишинин тартибин жөнгө салат. Борбор Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын (мындан ары –Кызмат) карамагында турат жана ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, анын ичинде диагностикалык, дезинфекциялоочу, дезинсекциялык, дезакаризациялык каражаттарды (мындан ары – ветеринардык багыттагы каражаттар) жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Борбор мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, ыкчам башкаруу укугунда обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланкы, эмблемасы бар.
5. Борбордун расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр ветеринарных лекарственных средств и кормовых добавок" при Службе ветеринарии, развития животноводства, пастбищ и кормов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики";
2) Борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ВДКТКБ";
- расмий тилде: "ЦВЛСКД".
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а.
2-глава. Борбордун максаты
7. Борбордун ишинин максаты ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.
3-глава. Борбордун милдеттери
8. Борбордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын жүгүртүүнү жөнгө салуу;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатын баалоону, каттоону жана мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Борбордун функциялары
9. Тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо, сапатын баалоо жана мамлекеттик реестрин жүргүзүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- Борбордун компетенциясына кирген ченемдик укуктук актылардын, регламенттердин, нускамалардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Жөнгө салуу функциялары:
- ветеринардык дары каражаттарын, тоют кошулмаларын, ветеринардык багыттагы каражаттарды мамлекеттик каттоону, каттоону ырастоону, каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, каттоо күбөлүгүнүн колдонулушун токтотуп турууну, каттоо күбөлүгүн жокко чыгарууну, сапатын баалоону жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашырат;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык багыттагы каражаттардын өндүрүлүшүнүн (даярдалышынын), сакталышынын, дүң жана чекене сатылышынын шайкештигине баалоо жүргүзөт;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун кошпогондо, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү ветеринардык дары каражаттарынын, тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы каражаттардын сапатына, коопсуздугуна, натыйжалуулугуна, стандарттардын, техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
- ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензиялоону жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- компетенциясына ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын көзөмөлдөө кирген мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- рекламацияларды карайт, маалыматтарды чогултат жана ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын колдонуунун натыйжасындагы терс таасирлерге жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзөт жана корутунду берет;
- ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүчү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин эсебин жүргүзөт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кызмат менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кызмат көрсөтүү функциялары:
- жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча ветеринардык дары каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзөт;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт.
13. Колдоо көрсөтүү функциялары:
- ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн адистерди даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын сапатын баалоо боюнча методдорду өркүндөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык)