Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Суу ресурстары кызматынын алдындагы
"Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69, 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 194, 2025-жылдын 20-майындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мамлекеттик мекеме) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын (мындан ары - Кызмат) карамагында турат жана калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнү жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кызматтын буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик мекеменин уюштуруучу документи болуп ушул Жобо саналат.
Мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Мамлекеттик мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик мекемени күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик мекеменин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Питьевое водоснабжение и водоотведение" при Службе водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ИСКССЧ"
- расмий тилде: "ПВВ".
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 , 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 194 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 4 А.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)