Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-февралы № 83
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127-131-беренелерин ишке ашыруу, рейддик салык контролун уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана салык постун орнотуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 1-3-тиркемелер ушул токтомдун 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 59, 60, 127-130, 132-136-беренелерине ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Тартиптин максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жазма буйрук - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу таризделген рейддик салык контролун жүргүзүүгө укук берүүчү документ;
2) кызматкер - белгиленген тартипте берилген жазма буйруктун негизинде рейддик салык контролун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы;
3) субъект - уюштуруу-укуктук формасына, иштин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан экономикалык иш жүргүзгөн жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм;
4) субъекттин жооптуу адамы - субъект менен эмгек мамилелеринде болгон же субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди аткарган (анын ичинде келишим боюнча) жеке жак;
5) калыс-күбө - жашы жеткен, кызматкер тарабынан тигил же бул фактыны тастыктоо үчүн тартылган жана болгон жагдайдын жыйынтыгына кызыкдар эмес адам. Салык органынын кызматкери тарабынан тиешелүү актыларды толтурууда өзүнүн колун коюу менен катышкандыгын тастыктайт. Фактыны тастыктоо үчүн экиден кем эмес калыс-күбө тартылат;
6) Х-отчет - отчетту түзүү учурунда нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын орто аралык отчету (контролдук кассалык машинанын (мындан ары - ККМ) өчүрүлбөгөн контролдук чеги);
7) орто аралык отчет - товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттары аркылуу түзүлүүчү, белгилүү бир убакыт мезгилине акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтердин суммалары боюнча маалыматты камтыган отчет;
8) Z-отчет - нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүдө түзүлүүчү нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын отчету (өчүрүлгөн ККМдин контролдук чеги);
9) рейддик салык контролунун актысы (мындан ары - РСК актысы) - ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча рейддик салык контролунун жыйынтыктары таризделүүчү документ;
10) мүлктү убактылуу алып коюу актысы (мындан ары - мүлктү алып коюу актысы) - ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделген, алып коюлган мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүчү документ;
11) тоскоолдук көрсөтүү актысы - ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделген кызматкердин жана/же салык кызматынын органынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлгөн документ;
12) контролдук сатып алуу - ККМди колдонуунун талаптарын жана тартибин сактоону, анын ичинде калкка контролдук-кассалык чектерди берүүнү контролдоо үчүн салык органынын кызмат адамы же тартылган жеке жак тарабынан аз сандагы товарларды сатып алуу же субъекттер менен бүтүмдөрдү түзүү жолу менен мезгил аралыгы чектелбестен жүзөгө ашырылуучу текшерүү методу;
13) уруксат берүүчү документтер - салык кызматынын органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде берилүүчү экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтер (жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, патент, камсыздандыруу полиси), ошондой эле уюмдардын жана обочолонгон бөлүмдөрдүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер;
14) укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссия - түзүү жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынан турган комиссия.