Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-марты № 131
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоонун айрым маселелери жөнүндө
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин формасы 1-тиркемеге ылайык;
2) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди толтуруу тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуу тартиби жана мөөнөттөрү 3-тиркемеге ылайык;
4) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин формасы 4-тиркемеге ылайык;
5) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимди толтуруу тартиби 5-тиркемеге ылайык;
6) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимди кабыл алуу тартиби жана мөөнөттөрү 6-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 16-тиркеменин "Б" формасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө ЧЕЧИМ
1. Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын аталышы | 2. Декларанттын толук аталышы же аты-жөнү | |
3. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери | 4. Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күн | |
5. Товардын аталышы | 6. ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын он орундуу классификациялык коду | |
7. Товарды классификациялоо үчүн зарыл маалыматтар | ||
8. Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун негиздемеси 1) Чечим ТЭИ ТН интерпретациясынын негизги эрежелерине ылайык кабыл алынды ___________________ 2) _____________-жылдагы № _______________ корутунду 3) Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнү жүргүзүүнүн жыйынтыктары 4) Бажылык текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары | ||
9. Кызматтык белгилер үчүн 1) Бажы органы тарабынан ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын туура эмес классификациялык коду табылган документтин (товарларга декларация же бажы декларациясы катары колдонулган башка документ) № _____________, товардын № _____________ 2) ЕАЭБ ТЭИ ТН ылайык товардын билдирилген коду _________________ 3) Бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү актысы, _____________-жылдын "____" ____________ № _____________ 4) Бажылык текшерүү актысы _____________-жылдын "____" ____________ № _____________ 5) Кошумча барактардын саны ____________ 6) Тиркемелердин саны __________________ 7) Товарды классификациялоо жөнүндө мурда кабыл алынган чечимдин реквизиттери 8) Башка белгилер | ||
10. Бажы органынын кызмат адамдарынын кол тамгалары | ||
__________________________ | __________________ | _________________________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
__________________________ | __________________ | _________________________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
| 2-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди толтуруу ТАРТИБИ
1. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечим (товарды классификациялоо жөнүндө чечим) төмөнкүдөй тартипте толтурулат.
2. "Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын аталышы" 1-пунктунда бажы органынын толук аталышы көрсөтүлөт.
3. "Декларанттын толук аталышы же аты-жөнү" 2-пунктунда декларант жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак (юридикалык жак болуп саналбаган уюм) үчүн -кыска (кыскартылган) же толук аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (мындан ары - СИН), жайгашкан жери;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган жеке жак үчүн (мындан ары - жеке ишкер) - аты-жөнү, СИН, анын жашаган жери (администрациялык-аймактык бирдик (регион, облус, район), калктуу конуш, көчө (бульвар, проспект), үйдүн, корпустун (курулуштун), батирдин (бөлмөнүн, кеңсенин) номери жана байланыш реквизиттери (байланыш түрүнүн аталышы (телефон, факс, электрондук почта) жана байланыш каналынын идентификатору (телефон, факс, электрондук почтанын дареги);
3) жеке ишкер болуп саналбаган жеке жак үчүн - аты-жөнү, СИН, идентификациялык номери жана анын жашаган жери (администрациялык-аймактык бирдик (регион, облус, район), калктуу конуш, көчө (бульвар, проспект), үйдүн, корпустун (курулманын), батирдин (бөлмөнүн, кеңсенин) номери, ким экендигин ырастоочу документ жөнүндө маалыматтар (документтин аталышы, дүйнө өлкөлөрүнүн классификаторуна ылайык ыйгарым укуктуу органы тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилген өлкөнүн (региондун же өлкөнүн бөлүгүнүн) коду, документтин сериясы жана номери (боштук аркылуу), документтин кк.аа.жжжж (күн, ай, календардык жыл) форматында берилген күнү жана байланыш реквизиттери (байланыш түрүнүн аталышы (телефон, факс, электрондук почта) жана байланыш каналынын идентификатору (телефондун, факстын номерлери, электрондук почтанын дареги).
4. "Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди каттоо номери" 3-пунктунда. Товарларга декларациянын формасы жана толтуруу тартиби Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 "Товарларга декларациянын формасы жана аны толтуруу тартиби жөнүндө" чечими менен бекитилген. Товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда, товардын декларациясында товар туура эмес классификациялангандыгы аныкталган учурда товардын декларациясында ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
ТКЧ - ХХХХХХХХ-YY/ZZZZZZ,
мында:
ТКЧ - "товарды классификациялоо жөнүндө чечим" аббревиатурасы;
ХХХХХХХХ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын коду;
ҮҮ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган жылдын акыркы сандары;
ZZZZZZ - товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин катар номери.
1) Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 263 "Товарларга декларация катары транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана (же) башка документтерди пайдалануунун тартиби жөнүндө" чечимине ылайык жазуу жүзүндөгү арызды (мындан ары - арыз) же товарлардын тизмесин берүү менен товарларга декларация катары транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана (же) башка документтерди пайдалануу менен декларацияланган товардын туура эмес классификациясы аныкталган учурда товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери "3" тамгасы менен толукталып, төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
ТКЧ - XXXXXXXX-YY/ZZZZZZЗ,
мында:
ТКЧ - "товарды классификациялоо жөнүндө чечим" аббревиатурасы;
ХХХХХХХХ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын коду;
ҮY - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган жылдын акыркы сандары;
ZZZZZZ - товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин катар номери.
З - арыз боюнча товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун белгиси.
2) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 28-августундагы № 142 "Жүк ташуучу тарабынан экспресс-жүк катары товарларга декларацияны пайдалануу менен жеткирилген товарларды бажылык декларациялоо жөнүндө" чечими менен формасы бекитилген экспресс-жүктөр үчүн товарлардын декларациясында (мындан ары - экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларация) товардын туура эмес классификациясы аныкталган учурда товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери "Э" тамгасы менен толукталып, төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
ТКЧ - XXXXXXXX-YY/ZZZZZZЭ,
мында:
ТКЧ - "товарды классификациялоо жөнүндө чечим" аббревиатурасы;
ХХХХХХХХ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын коду;
ҮҮ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган жылдын акыркы сандары;
ZZZZZZ - товардын классификациясы жөнүндө чечимдин катар номери.
Э - экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларация боюнча товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун белгиси.
3) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 16-октябрындагы № 158 "Жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясын пайдалануу менен экспресс-жүк катары ташуучу тарабынан жеткирилген жеке пайдалануу үчүн товарларды бажылык декларациялоо жөнүндө" чечими менен формасы бекитилген экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчү бажы декларацияда (мындан ары - экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчү бажы декларациясы) товардын туура эмес классификациясы аныкталган учурда товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери "П" тамгасы менен толукталып, төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
ТКЧ - XXXXXXXX-YY/ZZZZZZП,
мында:
ТКЧ - "товарды классификациялоо жөнүндө чечим" аббревиатурасы;
ХХХХХХХХ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын коду;
ҮҮ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган жылдын акыркы сандары;
ZZZZZZ - товардын классификациясы жөнүндө чечимдин катар номери;
П - экспресс жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясы боюнча товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун белгиси.
4) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун тартибинин жана мөөнөттөрүнүн (мындан ары - тартип) 4-пунктунда каралган учурларда товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алууда, ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери "Д" тамгасы менен толукталып, төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
ТКЧ - XXXXXXXX-YY/ZZZZZZД,
мында:
ТКЧ - "товарды классификациялоо жөнүндө чечим" аббревиатурасы;
ХХХХХХХХ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын коду;
ҮҮ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган жылдын акыркы сандары;
ZZZZZZ - товардын классификациясы жөнүндө чечимдин катар номери;
Д - бир нече бажы декларациялары боюнча товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун белгиси.
5) Тартиптин 4-пунктунда каралган учурда экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларацияда, арызда же экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясында декларацияланган товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алууда "З", "Э" жана "П" тамгаларынын ордуна "Д" тамгасы көрсөтүлөт.
Товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдердин катар номери ар бир календардык жылдын бирдигинен башталат.
5. "Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күнү" 4-пунктунда товарды классификациялоо жөнүндө чечимге бажы органынын жетекчиси (жетекчисинин орун басары) же мындай чечимди кабыл алууга бажы органынын жетекчиси ыйгарым укук берген кызмат адамы (мындан ары - ыйгарым укуктуу кызмат адамдары) тарабынан кк.аа.жжжж (күн, ай, календардык жыл) форматында кол коюлган күнү көрсөтүлөт.
6. "Товардын аталышы" 5-пунктунда товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган бажы декларациясында (товарларга декларациянын 31-графасында, арызда, экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларациянын (жүргүнчүлүк бажы декларациясынын) "товарлар жөнүндө маалыматтар" графасынын 7-тилкесинде) билдирилген товардын аталышы (соодалык, коммерциялык же башка салттуу аталышы) көрсөтүлөт.
Эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун натыйжасында эки же андан көп товардын ордуна бирөө түзүлсө, Кыргыз Республикасынын бажылык укуктук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга ылайык товарларга декларацияда (транзиттик декларацияны кошпогондо) же товарларга декларация катары колдонулуучу башка документтерде (товарларга декларация, арыз, экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларация, экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчү бажы декларациясы) (мындан ары - ТД) ЕАЭБ ТЭИ ТН коду өзгөртүлүүчү катары менен биринчи товардын аталышы көрсөтүлөт.
7. "ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын он орундуу классификациялык коду" 6-пунктунда ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын он орундуу оңдолгон коду көрсөтүлөт (санариптик белгилөөнүн 4 жана 5, 6 жана 7, 9 жана 10 белгилеринин ортосундагы боштуктар менен киргизилет: ХХХХ XX XXX X).
Экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларация боюнча декларацияланган товарды классификациялоодо (экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясы) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын оңдолгон коду экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларациянын (экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясы) "Товарлар жөнүндө маалыматтар" графасынын 8-тилкесинде көрсөтүлгөн белгилердин санынан кем эмес деңгээлде, ал эми арыз боюнча товарларды бажылык декларациялоодо - арызда көрсөтүлгөн белгилердин санынан кем эмес деңгээлде көрсөтүлөт.
Эгерде товарды классификациялоо Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин (мындан ары - Кодекс) 20-беренесинин 3-пунктун эске алуу менен жүзөгө ашырылса, ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын оңдолгон коду классификациялык белгилерге таасир этүүчү товардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө болгон маалыматтарга негизденүү менен биринчи 4 белгиден кем эмес деңгээлде көрсөтүлөт (санариптик белгилөөнүн 4 жана 5, 6 жана 7 белгилеринин ортосундагы боштуктар менен киргизилет: ХХХХ XX XXX).
8. "Товарды классификациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтар" 7-пунктунда товардын сыпаттамасы, ошондой эле аны идентификациялоо үчүн зарыл болгон жана ЕАЭБ ТЭИ ТНдин тиешелүү кодунда классификацияга таасир этүүчү маалыматтар көрсөтүлөт.
Тартиптин 4-пунктунда каралган учурларда товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда товарларды ЕАЭБ ТЭИ ТНдин бир кодунда классификациялоого жана аларды бажы максаттары үчүн идентификациялоого мүмкүндүк берген негизги мүнөздөмөлөргө ээ болгон товардын ар кандай маркаларын, моделдерин, артикулдарын, модификацияларын көрсөтүү менен товардын бир аталышы көрсөтүлөт.
Эгерде товарды классификациялоо Кодекстин 20-беренесинин 3-пунктун эске алуу менен ишке ашырылса, анда бажы органында товардын мүнөздөмөлөрү, алардын аталыштары жөнүндө кайсы маалыматтар же товарды 10 белги деңгээлинде классификациялоо үчүн зарыл болгон башка маалымаггар жок экендиги жөнүндө кошумча маалымат көрсөтүлөт.
9. "Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун негиздемеси" 8-пунктунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт.
1) 1-пунктчада ЕАЭБ ТЭИ ТН интерпретациялоонун негизги эрежелери көрсөтүлөт, аларга ылайык товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган;
2) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун негиздемеси экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы болуп саналса, 2-пунктчада "(эксперттик уюмдун аталышы) кк.аа.жжжж (күн, ай, календардык жыл) форматында корутунду чыгарылган дата) № (номери) корутундусу" деген жазуу киргизилет;
3) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечим Кодекстин 326-беренесине ылайык жүргүзүлгөн бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынса, 3-пунктчада "Бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн натыйжалары" деген жазуу киргизилет;
4) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечим Кодекстин 331-беренесине ылайык жүргүзүлгөн бажы текшерүүсүнүн натыйжалары боюнча кабыл алынса, 4-пунктчада "Бажы текшерүүсүнүн жыйынтыктары" деген жазуу киргизилет.
10. "Кызматтык белгилер үчүн" 9-пунктунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 1-пунктчада ТД боюнча товардын катар номери жана товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган ТД номери көрсөтүлөт.
Товардын бир бөлүгүнө карата гана товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда "№ __________ товардын бөлүгү" деп көрсөтүлөт.
Эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун натыйжасында ТДда эки же андан көп товардын ордуна бирөө түзүлсө, ага карата ЕАЭБ ТЭИ ТН коду өзгөргөн ТДда катары менен биринчи товардын номери көрсөтүлөт.
Мында "Башка белгилер" 9-пунктунун 8-пунктчасында ТД номерин, ЕАЭБ ТЭИ ТН коддорун жана товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган ТДдагы бардык товарлардын сыпаттамаларын көрсөтүү менен товарлардын номерлери көрсөтүлөт.
Тартиптин 4-пунктунда каралган учурда товарды (товардын бөлүгү) классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда товарлар тизме менен көрсөтүлөт жана жазуунун катар номери (X.) ыйгарылат - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган ТД боюнча товардын (товардын бөлүгүнүн) номери жана ТД номери:
1. № ____________ товар (товардын бөлүгү) № ____________ товарга декларация боюнча
2. № ____________ товар (товардын бөлүгү) № ____________ товарга декларация боюнча
3. № ____________ товар (товардын бөлүгү) № ____________ товарга декларация боюнча
2) 2-пунктчада декларант тарабынан ТДда билдирилген ЕАЭБ ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт.
Эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун натыйжасында эки же андан көп товардын ордуна бирөө түзүлсө, ага карата ЕАЭБ ТЭИ ТН коду өзгөргөн ТДда катары менен биринчи товардын ЕАЭБ ТЭИ ТН билдирилген коду көрсөтүлөт.
3) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечим Кодекстин 326-беренесине ылайык жүргүзүлгөн бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн натыйжалары боюнча кабыл алынса, 3-пунктчада "Бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү боюнча __________ жылдын "___" __________ № ____________ акт" деген жазуу киргизилет;
4) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечим Кодекстин 331-статьясына ылайык жүргүзүлгөн бажы текшерүүсүнүн натыйжалары боюнча кабыл алынса, 4-пунктчада "Бажы текшерүүсү боюнча _________ жылдын "___" __________ № ____________ акт" деген жазуу киргизилет;
5) 5-пунктчада кошумча барактардын саны көрсөтүлөт (алар жок болсо "0" коюлат);
6) 6-пунктчада тиркемелердин саны көрсөтүлөт (алар жок болсо "0" коюлат);
7) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечим Кодекстин 326-беренесине ылайык жүргүзүлгөн бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, же Кодекстин 331-беренесине ылайык жүргүзүлгөн бажы текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынса, 7-пунктчада товарды классификациялоо жөнүндө мурда кабыл алынган чечим тууралуу маалымат көрсөтүлөт, ал төмөнкүдөй түрдө колдонулбайт: "Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кк.аа.жжжж № ТКЧ - ХХХХХХХХ-YY/ZZZZZZ ТН ЕАЭБ ТЭИ ХХХХ XX XXX X кодунда" (товардын коду товарды классификациялоо жөнүндө мурда кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн белгилердин санынын деңгээлинде (субпозициянын, подсубпозициянын) көрсөтүлөт);
8) эгерде ТДда билдирилген товар ЕАЭБ ТЭИ ТНдин бир нече коддорунда классификациялангандыгы жөнүндө чечим кабыл алынса, 8-пунктчада товарды классификациялоо жөнүндө чечимдердин реквизиттери же бажы максаттары үчүн зарыл болгон башка маалыматтар көрсөтүлөт.
Эгерде товардын коду ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык Кодекстин 20-беренесинин 3-пунктун эске алуу менен аныкталса, көрсөтүлгөн пунктчада "Товарларды бирдиктүү ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык классификациялоо Кодекстин 20-беренесинин 3-пунктуна ылайык ишке ашырылган" деген жазуу киргизилет.
11. "Бажы органынын кызмат адамынын кол тамгасы" 10-пунктунда товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын кызмат адамдарынын (бажы органынын башчысы жана аткаруучу) кызмат орду, колу, аты-жөнү көрсөтүлөт.
12. Эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин кайсы бир пунктунда бажы максаттары үчүн зарыл болгон маалыматтарды толтуруу үчүн орун жетишсиз болсо, аларды кошумча баракта көрсөтүүгө жол берилет. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин тиешелүү пунктунда "кошумча баракты карагыла" деген жазуу киргизилет. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин кошумча барагына: "Товарды классификациялоо жөнүндө __________ жылдын "___" __________ № ____________ чечимге № _____________ кошумча барагы" деген жазуу киргизилет, пункттун номери коюлат жана бул пунктта билдирилген маалыматтар көрсөтүлөт.
Кошумча барактар товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана товарды классификациялоо жөнүндө чечим менен кошо берилиши керек.
Кошумча баракта товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кызмат орду, кол тамгасы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
13. Эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн товарды идентификациялоо максаттары үчүн классификацияга таасир этүүчү товардын тышкы түрү (фотосүрөттөр, жарнама проспекти, чиймелер, схемалар ж.б.) жөнүндө маалымат зарыл болсо, бул маалымат товарды классификациялоо жөнүндө чечимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин тиркемесинде "товарларды классификация жөнүндө __________ жылдын "___" __________ № ____________ чечимге № _____________ тиркеменин барагы" деген жазуу киргизилет, ошондой эле товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кызмат орду, кол тамгасы, аты-жөнү көрсөтүлөт.