Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтому менен бекитилди) |
ID-картага жана жалпы жарандык паспортко
документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү,
эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 291, 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 668, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856, 2026-жылдын 8-июлундагы № 469, 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 651 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартибин аныктайт.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылып жаткан адамдар үчүн ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү актысы менен аныкталат.
2. Ушул Нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - маалыматты топтоо, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп эсептелген система;
2) анкета-арыз - арыз ээсинин жеке маалыматтарын камтыган, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн же болбосо чет өлкөлүк мекеменин кызматкерлери тарабынан АМС аркылуу электрондук түрдө таризделүүчү документ, анда 16 жашка толо элек балага жалпы жарандык паспорт берүү жөнүндө ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болгон учурда) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүч каты камтылышы мүмкүн;
3) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КБМР) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана каттоо объектиси болуп эсептелген жарандыгы жок адамдар жөнүндө, миграциянын масштабы жана багыты жөнүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо, ошондой эле бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка юридикалык жана жеке жактарга берүү үчүн арналган Кыргыз Республикасынын калкын бирдиктүү автоматташтырылган жекелештирип эсепке алуучу система;
4) чет өлкөлүк мекеме - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилиги), анын канцеляриясы (бөлүмдөр) жана консулдук мекемеси;
5) талап кылынбаган паспорттор - ушул Нускамада белгиленген тартипте жекелештирилген, арыз ээси жекелештирилген күндөн тартып 1 жылдын ичинде чет өлкөлүк мекемеге же жекелештирилген күндөн тартып 6 айдын ичинде аймактык бөлүмгө алып кетүү үчүн келбеген улуттук паспорттор;
6) ата-эненин биринин жоктугу - ата-эненин бирин ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин болушу, ата-эненин биринин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн болушу, ата-эненин биринин эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөөсү, ата-эненин бирин дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин болушу, ата-эненин биринин издөөдө болушу;
7) ведомстволук мекеме - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатында иш жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемеси;
8) паспортторду бузуу - паспорттогу жазуулардын, ээсинин фотосүрөтүнүн, машинада окулуучу маалыматтардын жана паспорттун башка маанилүү элементтеринин тактыгына таасир этүүчү бардык механикалык бузуктар, ошондой эле анын бүтүндүгүн бузуу;
9) жекелештирүү борбору - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган, ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү ишке ашырган жекелештирүү борбору;
10) аймактык бөлүмдөр - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемелеринин ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн документтерди кабыл алууну, тариздөөнү жана жекелештирилген ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду берүүнү ишке ашыруучу аймактык бөлүмдөрү;