Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-сентябры № 651
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 «Кыргыз Республикасынын
жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин
киргизүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ID-карта жана жалпы жарандык паспорт менен документтештирүү аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту тариздөөгө документтерди кабыл алуу маселелери боюнча берилген, чет мамлекеттердин аймагында таризделген расмий документтер, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, аларды консулдук легалдаштыруу же апостилдештирүү шартында Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушу мүмкүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Документтерди которгон котормочунун кол тамгасынын аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.»;
– 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту тариздөөгө, берүүгө документтерди кабыл алуу боюнча аймактык бөлүмдөрдүн функциялары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын башка мекемелерине жана ишканаларына тапшырылышы же айыл өкмөттөрүнө өткөрүп берилиши мүмкүн.»;
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. ID-карта жекелештирилгенден кийин ID-картанын образы санариптик форматта автоматтык режимде түзүлөт, мында санариптик паспорт юридикалык күчкө ээ жана материалдык алып жүрүүчүдөгү ID-картага барабар болуп саналат.
Санариптик форматтагы ID-картанын сыпаттамасы, үлгүсү жана аны түзүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.»;
– 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту алууга (алмаштырууга) анкета-арызды толтурууда жаран каалоосу боюнча фамилиясын, атын жана атасынын атын латын тамгалары менен транслитерациянын стандарттуу эрежелеринен айырмаланган жазылышын көрсөтүүгө укуктуу, мындай жазылыш фамилиясынын, атынын жана атасынын атынын маанисин жана фонетикасын өзгөртпөшү керек.»;
– 30-пунктта:
2-пунктчада «арыз ээсинин» деген сөздөр «16 жашка толо элек адамдын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн жалпы жарандык паспорт алуу жөнүндө өтүнүч каты. Эгерде ата-энеси документтерди тариздөөдө катыша албаса, 16 жашка толо элек адамга жалпы жарандык паспорт алуу үчүн ата-энесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгерде НБМСда маалыматтар жок болсо) жана ишеним кат (эгерде НБМСда маалыматтар жок болсо) берилет, анда ишеним кат боюнча өкүлдүн жалпы жарандык паспорт тариздөө жана алуу үчүн арыз берүүгө ыйгарым укугу атайын каралган. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан 16 жашка толо элек адамга жалпы жарандык паспорт ата-энесинин экөөсүнүн тең макулдугу болгондо берилет. Ата-энесинин биринин өтүнүч каты жок учурда жалпы жарандык паспортту тариздөө соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.»;
– 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«31. 16 жашка толгон адамды алгачкы жалпы жарандык паспорт менен документтештирүүдө:
1) 16 жашка толгон адам жалпы жарандык паспортту жана ID-картаны алууга документти бир учурда тапшырууну кааласа, төмөнкүлөр талап кылынат:
– туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүдө) – КБМРде маалыматтар болбогон же көрсөтүлгөн документти «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда;
– арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорттору – КБМРде маалыматтар болбогон же көрсөтүлгөн документти «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда же 16 жашка толгон адамдын жалпы жарандык паспорту же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду;
2) эгерде 16 жашка толгон адам ID-карта менен документтештирилсе – ID-карта.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 311-пункт менен толукталсын:
«311. 18 жашка толгон адамды алгачкы жолу документтештирүүдө жалпы жарандык паспорт ID-картанын негизинде таризделет.»;
– 36-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Берилген документтерде оңдоолор, жасалмалоонун белгилери, мурда берилген паспортторундагы фотосүрөттөрү арыз ээсинин сырткы көрүнүшүнө жана/же биометриялык маалыматтарына дал келбестиги аныкталган учурда аймактык бөлүмдүн документтерди кабыл алуучу кызматкери бул тууралуу аймактык бөлүмдүн жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына дароо билдирүүгө милдеттүү.»;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Чет өлкөдөгү мекеменин документтерди кабыл алуучу кызматкери берилген документтерде оңдоолор, жасалмалоонун белгилери, мурда берилген паспортторундагы фотосүрөттөрү арыз ээсинин сырткы көрүнүшүнө жана/же биометриялык маалыматтарына дал келбестиги аныкталган учурда, бир күндүк мөөнөттө бул тууралуу чет өлкөдөгү мекеменин жетекчилигине билдирет, 3 нускада акт түзөт, анын бири Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет, экинчи нускасы чет өлкөдөгү мекемеде эки жыл бою сакталат, үчүнчүсү документтин ээсине берилет.»;
– 37-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) жаранды КБМРде идентификациялык жеке номеринин (мындан ары – ИЖН) негизинде идентификациялоо, арыз ээсинин бетин мурдагы паспорттордун фотосүрөттөрү менен визуладык салыштыруу, анын ичинде анын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын шайкештигин текшерүү, каттоо эсебин, издөө/күзөт картасынын жана КБМРдеги биометриялык маалыматтардын бары-жогун текшерүү, ошондой эле биометриялык маалыматтар базасы боюнча шайкештигин салыштыруу;»;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) 16 жашка толо элек адамдарды кошпогондо, биометриялык маалыматтар базасы боюнча салыштыруу жана чогултуу үчүн эки колунун он манжасынын папиллярдык издерин сканерлөө. Эгерде арыз ээсинин колдорунда бир канча манжасы жок болсо, аймактык бөлүмдүн кызматкери колдорунда болгон манжаларынын издерин сканерлейт жана АМСке тиешелүү белгилерди киргизет.
Эгерде арыз ээсинин бир колу жок болсо, болгон колунун манжаларынын папиллярдык издери сканерленет, эки колу жок болгон учурда биометриялык маалыматтар бетинин санариптик графикалык сүрөтү (фотосүрөтү) боюнча салыштырылууга тийиш, бул учурда аймактык бөлүмдүн кызматкери АМСке тиешелүү белги коёт жана ал аркылуу колдорунун манжаларынын (манжасынын) папиллярдык издерин сканерлөө мүмкүн эместиги жөнүндө акт түзөт жана кол коет. Акт сканерленет жана АМСтеги арызга жүктөлөт.
Эгерде арыз ээсинин манжаларынын издери биометриялык маалыматтарды салыштырып текшерүү үчүн талап кылынган сапатка жооп бербесе, колдун манжа издерин кайрадан сканерлөө жүргүзүлөт, манжа издеринин графикалык сүрөттөрүнүн сапаты 20 %дан кем эмес деңгээлге жеткен учурда, АМС аркылуу тиешелүү акт түзүлөт жана сакталат. Акт сканерленет жана АМСтеги арызга жүктөлөт.
Биометриялык маалыматтар базасында колдордун манжаларынын издери жок болгон учурда колдун манжаларынын издерин чогултуу Кыргыз Республикасынын жарандарын биометриялык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;»;
– 44-пунктта «алмаштырууга» деген сөз «алууга» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«51. Жекелештирилген ID-карталар жана жалпы жарандык паспорттор жарандарга берилгенге чейин атайын жабдылган бөлмөдө мөөр басылуучу күйбөс өзүнчө сейфтерде же шкафтарда сакталат.
Жок кылынууга тийиш болгон, талап кылынбаган, жараксыз ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду ведомстволук мекемеге жок кылуу үчүн жөнөтүүгө чейин эсепке алуу жана сактоо алардын ишенимдүү сакталышын камсыз кылуучу аймактык бөлүм тарабынан уюштурулат.
Жок кылынууга тийиш болгон, талап кылынбаган, жараксыз ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду сактоо үчүн арналган бөлмө кургак болушу керек жана өрткө каршы күзөт сигнализациясы менен камсыздалууга тийиш.
Аталган паспортторду сактоо тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тарып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 74 (3834) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |