Загрузка документа…
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 токтомуна тиркеме |
Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 34, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83
токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына жана жер укук мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо Бишкек шаарынын аймагында жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү (мындан ары - узартуу), муниципалдык менчикте турган жер участокторго пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө (мындан ары - өткөрүп берүү), анын ичинде күрөөгө коюуга жана токтотууга макулдук берүү маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу тартибин белгилейт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун пайдалануу укуктарын узартуу, өткөрүп берүү жана токтотуу ушул жободо белгиленген тартипте жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
II. Түшүнүктөр жана терминдер
4. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:
жерлерди ижаралоо - менчик ээсинин (ижарага берүүчүнүн) жер участогун ижарачыга тийиштүү акысына белгилүү бир убакытка пайдалануу укугу менен бериши же өткөрүп бериши;
ижарага берүүчү - муниципалдык менчикте турган жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
ижарачы - ушул жободо белгиленген тартипте муниципалдык жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу берилүүчү жеке жана юридикалык, анын ичинен чет өлкөлүк жактар;
шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлору, башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар куруу тоомдорун жана башка Бишкек шаарынын пландоочу түзүмдөрүнүн элементтеринин долбоорлору;
шаар куруу корутундусу - жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөлөрү) жөнүндө, жер участогун берүү, аймакты пландоо, максаттуу, функционалдык багыттарын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө же жер участогунун чектеринин (конфигурациясынын) өзгөрүшү жөнүндө маалыматты камтыган шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын техникалык документи;
арыз ээси - ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылган, муниципалдык жер участогун ижарага алуучу жак;
имараттар жана курулмалар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар;
жер участогу - туташ чектердеги жер аянты;
жер пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген, өткөрүлүп берилген жеке же юридикалык жак;
жалпы пайдалануудагы жерлер - жол катнашы катары пайдаланылуучу, же болбосо калктын маданий-турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруучу (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, көк майсандар, арыктар жана башка сугат тармактары, өткөөлдөр, бульварлар, гүл бакчалар, көлмөлөр ж.б.) жерлер;
чет өлкөлүк жак - жер-укуктук мамилелердин бир тарабы катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
чет өлкөлүк юридикалык жак - төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак:
чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;
бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон;
бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан: кат жүзүндөгү контракт аркылуу добуш берүүчү акциялардын көпчүлүгүн сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн дайындоо укугу контролдонот же башкарылат;
Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же ушул пункттарда аталган юридикалык жактарга таандык болгон уставдык капиталдын 20 пайызынан кем эмесине ээ болот;
мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн;
жер участогуна пайдалануу укугун өткөрүп берүү - менчик ээсинин же жер пайдалануучунун жер участогуна укукту ажыратуу же аны жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүү жолу менен башка адамга убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү, биргелешип пайдалануу келишимин түзүү;
жер участогун пайдалануу укугу - жер участогунун менчик ээси болуп эсептелбеген жеке жана юридикалык жактардын буюмдук укугу;
жер участогун уруксат берилген пайдалануу - калктуу конуштардын шаар куруу документтеринде жана жер пайдалануу, курулуш эрежелеринде белгиленген шаар куруу регламенттерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөргө, ошондой эле сервитуттарга ылайык жер участогун пайдалануу;
ыйгарым укуктуу орган - жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктары берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган - архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары берилген аймактык орган;
жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - жерлерди пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - Бишкек шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органы;
жерлердин функционалдык багытталышы - жер участогунун шаар куруу жана/же жерге жайгаштыруу документтерин эске алуу менен жерлердин максаттуу багытталышына жана аймактын функционалдык зоналаштырылышына ылайык дайындалышы.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)