Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ УЛУТТУК АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯ
БУЙРУК
2024-жылдын 6-марты № 9
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия тарабынан көрсөтүлүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө» 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтомунун 2-пунктунун ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын «Кыргыз Республикасындагы илимий изилдөөлөр» илимий журналына макалаларды жарыялоо;
2) 2-тиркемеге ылайык «окумуштуулук даража берүү жөнүндө диплом берүү»;
3) 3-тиркемеге ылайык «окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө аттестат берүү»;
4) 4-тиркемеге ылайык «чет мамлекеттер тарабынан берилген окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө документтерди нострификациялоо жана илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды кайра аттестациялоо»;
5) 5-тиркемеге ылайык «окумуштуулук даражаларды берүү жөнүндө дипломду жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө аттестатты тариздөө жана калыбына келтирүү (дубликатын берүү)»;
6) 6-тиркемеге ылайык «ченемдик укуктук документтердин жана мезгилдүү басылмалардын ведомстводон тышкаркы программаларын чыгаруу»;
7) 7-тиркемеге ылайык «авторефераттар, диссертациялар жана диссертациялар боюнча маалымат берүү».
2. Кадрларды эсепке алуу боюнча инспекторго:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту «Эркин-Тоо» газетасына же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында расмий түрдө жарыяланышын камсыздандырсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыяланган булактарын көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун эки нускадагы мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрүн маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн;
4) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти жогоруда аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына ылайык уюштурсун;
5) көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө.
3. Катчылыктын жетектөөчү адисине ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын расмий сайтына жарыяласын.
4. Бул буйруктун талаптарынын аткарылышын контролдоо төраганын орун басары – башкы окумуштуу катчы Р. Э. Асизбаевге жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин өз күчүнө кирет.
Төрага |
| Б. К. Тыналиева |
1-тиркеме
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Окумуштуулук даража берүү жөнүндө дипломду берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-бабы, 6-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик уюмдун (мекеменин) толук аталышы | Бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону ишке ашыруучу мамлекеттик илимий-эксперттик уюм (мындан ары – ыйгарым укуктуу уюмдун) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү пайдалануучулар | Жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалануунун укуктук негиздери | - Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 377 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» Жарлыгы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө» Жарлыгы; - КР ЖАКынын Президиумунун 2018-жылдын 27-декабрындагы № 192 токтому менен бекитилген Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы үчүн нускама |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтык натыйжасы | Окумуштуулук даража берүү жөнүндө диплом |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү ыйгарым укуктуу уюмдун расмий сайтындагы (vak.kg) изденүүчүнүн жеке кабинети аркылуу ишке ашырылат. Эскертүү: кызмат көрсөтүүдөн пайдаланууга электрондук арыз жиберүү үчүн https://vak.kg/register/ жеке кабинетине катталуу керек |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Илимдин доктору окумуштуулук даражасын берүү боюнча диссертацияларды жана аттестациялык делолорду кароонун мөөнөтү 4 айдан ашык эмес, ал эми илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын берүү боюнча диссертацияларды жана аттестациялык делолорду кароонун мөөнөтү 3 айдан ашык эмес убакытты түзөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучуга окумуштуулук даража берүү жөнүндө диплом президиум тарабынан бекитилгенден кийин 10 жумуш күн ичинде почта аркылуу жөнөтүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучуларга маалымат берүү | ||
8 | Көрсөтүлүүчү кызматтар жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик уюм (зарыл маалыматтардын тизмеси) жөнүндө керектөөчүлөргө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты: - ыйгарым укуктуу уюмдун расмий сайтынан; - ыйгарым укуктуу уюмдун кабылдамасынан телефон аркылуу (иш мөөнөтү: дүйшөмбү-жума саат 9.00дөн саат 18.00го чейин, түштөнүү убактысы 12.30дан 13.30га чейин); - ыйгарым укуктуу уюмдун коомдук кабылдамасынан; - диссертация корголо турган мекемедеги диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысынан алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты: - ыйгарым укуктуу уюмдун расмий сайтынан; - диссертациялык кеңештердин баракчаларынан; - ыйгарым укуктуу уюмдун кабылдамасынан телефон аркылуу, иш мөөнөтү: дүйшөмбү-жума саат 9.00дөн саат 18.00го чейин, түштөнүү убактысы 12.30дан 13.30га чейин; - ыйгарым укуктуу уюмдун коомдук кабылдамасынан; Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана тейлөө | ||
10 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу менен баарлашуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу менен баарлашуу КРП УАКтын коомдук кабылдамасында же телефон аркылуу байланыш менен же электрондук почтасы (info@nakpkr.kg) боюнча жүргүзүлөт. Келген адамдар менен баарлашууда кызматкерлер этиканын: сылык мамиле жасоо, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, аңгемелешип жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле, кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүү сыяктуу негизги принциптерди сакташы керек. Бардык кызматкерлер жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, жеке кызыкчылыктардын кагылышын туудурбаган,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди жана кызматтык нускамаларды (кызматтык милдеттерин) сакташы керек. |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Зарыл документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу аткара турган аракеттердин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу тиешелүү диссертациялык кеңештин баракчасына төмөнкү документтерди электрондук форматта тиркөө жолу менен тапшырат: 1.Изденүүчүнүн документтерин жибергендиги жөнүндө билдирүү. 2.Сүрөтү менен, иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн кадрлардын эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы (анкета). 3.Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденүүчү үчүн жогорку кесиптик билими жөнүндө белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү, илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденүүчү үчүн илимдин кандидатынын дипломунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. 4.Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденүүчү үчүн кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндө протоколдон көчүрмө. 5.Диссертация аткарылган же изденүүчү бекитилген уюмдун диссертациялык иштин темасы качан жана ким тарабынан бекитилгендигин көрсөтүү менен корутундусу. Корутунду кафедранын (лабораториянын, сектордун, бөлүмдүн) жыйынынын протоколунан көчүрмө катары таризделет, уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилип, мөөр коюу менен ырасталат. 6.Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденүүчүлөр үчүн кандидаттык диссертациянын авторефераты. 7.Диссертациянын темасын жана илимий жетекчисин (илимий кеңешчисин, адистиктин шифрын) бекитүү жөнүндө окумуштуулар кеңешинин протоколунан көчүрмө. 8.Расмий оппоненттеринин пикири. 9.Жетектөөчү мекеменин пикири. 10.Өндүрүшкө киргизүү актылары. 11.Иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн илимий эмгектеринин тизмеси 12.Жарыяланган эмгектерине шилтемелер. 13.Паспортунун көчүрмөсү. 14.Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы үчүн нускамада көрсөтүлгөн форма боюнча окумуштуулук даража берүү жөнүндө маалым кат. 15.Диссертация, кыргыз жана орус тилдеринде автореферат. 16.Диссертацияны алдын ала коргоонун видео тасмасы. 17. Диссертацияны коргоонун видео тасмасы. 18.Келүү барагы. 19.Электрондук жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы. 20.Экспертиза үчүн төлөм жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы | Баалардын прейскуранты ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчисинин буйругу менен монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюм менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалымат менен ыйгарым укуктуу уюмдун расмий сайтынан таанышууга болот. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жашы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына жараша басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүдөн) арыз ээсинин күтүүсүнө шайкеш келиши; - ыйгарым укуктуу уюмдун расмий сайтында «Пикирлер» рубрикасынын болушу. |
15 | Кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү боюнча арызды кабыл алуу, кароо этаптары жөнүндө маалымкат алуу боюнча кызмат көрсөтүү электрондук форматта жүргүзүлөт. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; - ушул стандарттын 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн адам тарабынан арыз түшкөн учурда; - диссертацияда өздөштүрүлгөн материалдын уруксат берилген чектен ашып кеткен учурда. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат тиешелүү түрдө көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси ыйгарым укуктуу уюмдун электрондук почтасы же сайты аркылуу кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана анда кардардын аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, даттануу себеби, кардардын колу жана датасы көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күнүнүн ичинде каттоодон өткөрүп, жетекчиликке кароо үчүн жөнөтөт. Даттануу жана доо арыздар ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчилиги белгилеген тартипке ылайык каралат. Жазуу жүзүндөгү даттанууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү ал катталгандан 14 күндөн ашпашы керек. Арыз ээси ыйгарым укуктуу уюмдун доо арыз боюнча кабыл алган чечимине канааттанбаган учурда соттук тартипте даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турушу керек |