Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 176
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 415 "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 415 "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун 2-пунктчасындагы "коммерциялык банктар" деген сөздөр "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ачык акционердик коомдору (мындан ары - банктар)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-пункттун 2-пунктчасындагы "коммерциялык банктар" деген сөздөр "банктар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоору ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
"Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоору
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
3. Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын 2024-2025-жылдарга жана кийинки жылдарга республикалык бюджети, "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ачык акционердик коомдорунун (мындан ары - банктар) каражаттары.
4. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2024-жылдын январы.
5. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (макулдашуу боюнча), Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар (макулдашуу боюнча).
6. Долбоордун сыпаттамасы. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тармагын кеңейтүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууну камсыз кылуу максатында Долбоордун алкагында 2024-жылдын ичинде банктардын финансылык каражаттары ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы имараттарын куруу, учурдагы имараттарды капиталдык оңдоо/реконструкциялоо, ошондой эле негизги каражаттарды сатып алуу үчүн жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча берилет.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети банктардын 2024-2028-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштыруу боюнча чыгымдарын субсидиялайт.
8. Кредиттерди берүүнүн тартиби банктардын ички ченемдик документтерине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
9. Берилген кредиттерди кайтаруу боюнча бардык тобокелдиктерди банктар тартат, карыз алуучуларды тандоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жактырган катышуучулардын тизмесинен алардын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
10. Банктар ушул Долбоордун алкагында "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун кепилдигинин катышуусунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууну, капиталдык оңдоонуу/реконструкциялоону, ошондой эле негизги каражаттарын сатып алуу менен жаңылоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
11. Долбоорго катышкан банктар карыз алуучуларга төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда кредиттерди бере алат:
№ | Жеңилдетилген кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Максаттуу багыты | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууда, капиталдык оңдоодо/реконструкциялоодо, негизги каражаттарды сатып алууда жана жаңылоодо ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү |
2 | Сом менен кредит берүүнүн, субсидиялоонун суммасы жана мөөнөтү | Төмөнкүлөргө кредиттин суммасы жана мөөнөтү: 1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууга 70,0 млн. сомго чейинки суммада, 60 айлык мөөнөткө; 2) капиталдык оңдоого/реконструкциялоого (негизги каражаттарды эске алуу менен) 50,0 млн. сомго чейинки суммада, 60 айлык мөөнөткө; 3) негизги каражаттарды сатып алууга жана жаңылоого 10,0 млн. сомго чейинки суммада, 36 айлык мөөнөткө |
3 | Күрөөлүк камсыздоо | Күрөөлүк камсыздоонун предмети төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - карыз алуучунун менчигинде турган жер участогу; - кыймылсыз мүлк; - күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда банк менен "Кепилдик фонду" ААКтын ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын шарттарында "Кепилдик фонду" ААКтын кепилдиги кабыл алынышы мүмкүн |
4 | Берүү формасы | Курулушка же капиталдык оңдоого/реконструкциялоого берилген смета иштерди жүргүзүү этаптарына бөлүнүүгө тийиш: - пайдубал; - дубал тургузуу жана чатырын жабуу иштери; - коммуникацияларды киргизүү; - жасалгалоо иштери ж.б., ага ылайык карыз алуучу зайымдык каражаттарды өздөштүрүү жана максаттуу пайдалануу жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү. Карыз алуучу бул милдеттенмелерди аткарбаган учурда, банк кредит берүүнү токтотууга жана кредиттин мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу |
5 | Курулушка карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда төмөнкүлөрдүн болушу: - өзүнүн жер участогунун же 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген жер участогунун; - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, кызматкерлерин, балдардын болуу шарттарын чагылдырган бизнес-пландын; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келген имараттын долбоордук-сметалык документтеринин (ыйгарым укуктуу органдын экспертизасынын оң корутундусунун болушу). Курулуш иштеринин сметасынын долбоору жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен макулдашылууга тийиш, мында сметаны түзүүчүнүн квалификациялык сертификаты болууга тийиш. Жумуштарды жана сарпталган курулуш материалдарын эске алуу менен 1 кв. метр үчүн имараттын курулушунун максималдуу наркы 63 миң сомдон ашпоого тийиш. Курулуштун максималдуу мөөнөтү - курулушка биринчи транш берилген учурдан тартып 18 айдан ашпайт |
6 | Капиталдык оңдоого/реконструкциялоого карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда төмөнкүлөрдүн болушу: - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, персоналын, балдардын болуу шарттарын чагылдырган бизнес-пландын; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле имаратты капиталдык оңдоо/реконструкциялоо боюнча курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келген имараттын долбоордук-сметалык документтеринин |
7 | Негизги каражаттарды сатып алууга жана жаңылоого карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын жана сатып алуу же жаңылоо фактысын ырастоочу башка документтердин болушу зарыл |
8 | Жеңилдетилген кредит берүүнүн субъекттери | 1. Финансы-кредиттик уюмдардын инсайдери же аффилирленген жагы болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын резиденти. 2. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай түрдө каттоодон өткөн, ошондой эле Долбоорго катышууга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугун алган ишкердик субъекти/жеке жак. 3. Объекттин курулушунун сметалык наркынын 30%ына чейинки өлчөмдөгү өздүк каражаттардын болушу. 4. Карыз алуучу төлөөгө жөндөмдүү болууга, кирешелери банктын ички ченемдик документтерине шайкеш келүүгө тийиш |
9 | Акыркы пайыздык ставка | 10% өлчөмүндө ставка белгиленген. Кредитти пайдалануунун белгиленген мөөнөтүнөн ашык мөөнөтүн узартууда же реструктуризациялоодо кредит боюнча пайыздык ставка банктар тарабынан ушул сыяктуу максаттарга берилүүчү кредиттер боюнча реструктуризациялоо күнүнө карата колдонулган ставкалардын өлчөмүндө белгиленет |
10 | Айып санкциялары | Кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган учурда карыз алуучуга карата кредит боюнча пайыздык ставкаларды кредит алган күндөн тартып жылдык 25 пайызга өзгөртүү же аныкталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө жолу менен финансылык санкциялар колдонулат |