Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 415
Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 176 токтомунун редакциясына ылайык)
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундардын жетишсиздик көйгөйүн чечүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоору 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын региондорунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу үчүн бөлүнгөн участоктордун тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетинде "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" пилоттук долбоорун ишке ашырууга 10000000 (он миллион) сом өлчөмүндө каражат карасын;
2) "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун ишке ашырууга катышкан "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ачык акционердик коомдору (мындан ары - банктар) менен тиешелүү макулдашууларды түзсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 176 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) педагогикалык даярдоо программаларын ишке ашыруучу жогорку окуу жайларына жана кесиптик орто окуу жайларына атайын каражаттардын эсебинен мектепке чейинки билим берүү уюмдары түрүндө практикалык лабораторияларды түзүүнү тапшырсын;
2) "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун ишке ашырууга катышкан банктар менен биргеликте (макулдашуу боюнча) бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзсүн, анын натыйжалуулугуна баа берсин жана жыл сайын 1-декабрга чейинки мөөнөттө жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 176 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн атайын иштелип чыккан дидактикалык материалдарды, оюнчуктарды жана эмеректерди өндүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгелөөдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына менчиктин кандай гана болбосун формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын курууда донорлордун, меценаттардын каражаттарынын эсебинен тышкы жана ички инженердик тармактарды туташтырууну белгиленген тартипте камсыз кылуу сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жолу менен мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошкон меценаттардын ысымдарын ыйгаруу.".