Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-апрели № 206
Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 703, 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 170, 2026-жылдын 26-майындагы № 370, 2026-жылдын 14-июлундагы № 485, 2026-жылдын 14-августундагы № 547, 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 630, 2026-жылдын 5-октябрындагы № 662
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-сентябрындагы № 454/4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 токтому менен бекитилген Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегинен "Өтө жашыруун" грифин, Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жободон "Жашыруун" грифин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 4-февралындагы № 55/2 токтому менен бекитилген Ачыкка чыгарууга болбоочу маалыматтардын тизмегинен "Жашыруун" грифин алып салуу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорунан "Өтө жашыруун" жана "Жашыруун" грифтерин алып салуу жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 761 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырларды түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин жана Иштерде, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтын категорияларынын жашыруундук даражасын белгилөө жана маалыматтын жашыруундук даражасын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери ушул токтом менен бекитилген тизмектердин талаптарынын аткарылышын камсыз кылсын.
4. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар алардын ишинин чөйрөсүндөгү маалыматтарды тактоо жана системалаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегинин негизинде жашыруун кылынууга тийиш болгон маалыматтардын ведомстволук тизмектерин иштеп чыксын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |