Редакцияот 05.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 5-октябры № 662

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 «Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 «Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегинде:

– 5-пунктта:

25-пунктча «ЖРЭТКМ,» деген сөздөрдөн кийин «САЧКӨМ,» деген сөздөр менен толукталсын;

28-пунктча «САЧКӨМ» деген аббревиатурадан кийин «, ЭМ» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 75 (3835) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев