Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-майы № 276
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемесин жоюу маселелери жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97, 98-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемесинин каржылоосу жана штаттык саны мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 193-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
193 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | 105 | 17 |
| борбордук аппарат | 105 | 17 |
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5) мамлекеттик мүлктү түздөн-түз жана электрондук аукциондор жана тооруктар механизми аркылуу ижарага берүү жолу менен аны натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу.»;
– 12-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: