Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 313
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 17 жана 24-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Узак пайдалануудагы товарлардын, анын ичинде белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтириши, айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон жана даярдоочу колдонулуу мөөнөтүн белгилөөгө милдеттүү болгон комплекттөөчү буюмдардын (тетиктердин, түйүндөрдүн, агрегаттардын) тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин максаты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелген жана керектөөчүлөргө сатылбай турган товарлардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
3) Товарларда олуттуу кемчиликтер табылган учурда керектөөчүлөрдүн аларды алмаштыруу жөнүндө талаптары канааттандырылууга тийиш болгон техникалык татаал товарлардын тизмеги 3-тиркемеге ылайык;
4) Окшош товарга алмаштырылбай турган, талаптагыдай сапаттагы азык-түлүк эмес товарлардын тизмеги 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул токтомдун 1, 2-тиркемелеринде каралган товарлардын тизмегине киргизилген товарлардын колдонулуу (жарактуулук) мөөнөттөрү жөнүндө маалымат жок болгон учурда аларды сатууга тыюу салынат;
2) товардын колдонулуу (жарактуулук) мөөнөтү даярдоочу тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине, мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарына же башка милдеттүү эрежелерге ылайык белгиленүүгө жана керектөөчүгө (сатып алуучуга) берилүүчү товар жөнүндө маалыматта камтылууга тийиш.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-октябрындагы № 667 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-октябрындагы № 667 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Узак пайдалануудагы товарлардын, анын ичинде белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтириши, айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон жана даярдоочу колдонулуу мөөнөтүн белгилөөгө милдеттүү болгон комплекттөөчү буюмдардын (тетиктердин, түйүндөрдүн, агрегаттардын) ТИЗМЕГИ
1. Балдар үчүн товарлар
Оюнчуктар: балдар коляскалары жана велосипеддери, аларга түйүндөр жана тетиктер.
Видео оюндар.
Балдар үчүн жеке тиричилик компьютерлери, полимердик жана синтетикалык материалдардан жасалган күндөлүк тиричилик предметтери (желим упчулар, бөтөлкөлөр, идиштер, бут кийимдер, кийимдер).
2. Үй шартында оорулардын алдын алуу жана дарылоо үчүн товарлар, угуу аппараттары, протездик-ортопедиялык буюмдар
Медициналык инструменттер, приборлор жана аппараттар.
Көрүүнү түзөө үчүн көз айнектер жана линзалар.
Угуу аппараттары.
Протездик-ортопедиялык буюмдар.
3. Жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн жабдуулар жана приборлор, сантехника
Жылытуучу аппараттар (мештер).
Жылытуучу от казандар.
Суу жылыткычтар жана суу жылытуучу колонкалар.
Металлдан жана полимерлерден, фаянстан, жарым фарфордон жана фарфордон жасалган санитардык-техникалык жабдуулар.
Санитардык-техникалык арматуралар жана гарнитурлар.
4.Турмуш-тиричилик предметтери
Дивандар, кушеткалар, тахталар, кресло-керебеттер, диван-керебеттер, матрацтар, шкафтар, эмерек гарнитурлары, эмерек буюмдарынын топтомдору, жүн жана синтетикалык килем буюмдары, полго төшөгүчтөр.
5. Чарба товарлары
Электр тиричилик товарлары (баштапкы элементтерден жана батареялардан тышкары).
Металл кесүүчү жана жыгач иштетүүчү тиричилик станоктору.
Ичүүчү сууну зыянсыздандыруу, тазалоо жана кошумча тазалоо үчүн тиричилик жабдуулары, тиричилик насостору жана компрессорлору.
Тиричилик газ аппаратурасы, анын ичинде отундун суюк жана катуу түрлөрү менен иштөөчү.
Азыктарды, сууну сактоо жана ташуу үчүн идиштер, шлангдар, адамдар дайыма болуп туруучу жайлардын ички жасалгасы үчүн полимердик материалдар.