Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1997-жылдын 10-декабры № 90
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2003-жылдын 17-февралындагы № 37, 2008-жылдын 18-июлундагы № 158, 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307, 2013-жылдын 13-февралындагы № 15, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2013-жылдын 3-августундагы № 185, 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2015-жылдын 24-июлундагы № 188, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88, 2025-жылдын 19-майындагы № 98 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам товарларды сатууда (иш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) керектөөчүлөр менен даярдоочулардын, аткаруучулардын, сатуучулардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат, көрсөтүлгөн маркалоого ылайык сапаты жакшы жана керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууга, товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө жана аларды даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) жөнүндө маалымат алууга, агартууга алардын таламдарын мамлекет жана коомдук деңгээлде коргоого керектөөчүлөрдүн укуктарын белгилейт, ошондой эле ушул укуктарды жүзөгө ашыруу механизмин аныктайт.
(Экинчи абзац КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 84 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(3-14-абзацтар КР 2015-жылдын 21-февралындагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
(Главанын аталышы КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан мамилелерди укуктук жөнгө салуу
1. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынуучу башка мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткаруу бийлигинин органдарына керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө нормалар камтылган актыларды кабыл алууну тапшыра албайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
11-берене. Негизги түшүнүктөр