Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363 токтомуна) |
Салык кызматынын органдары менен банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ортосунда маалымат алмашуу
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 , 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип салык кызматынын органдары менен банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ортосунда маалымат алмашуу тартибин, ошондой эле тараптар тарабынан берилүүчү маалыматка карата талаптарды аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Тартипке ылайык маалымат алмашуунун катышуучулары болуп өз ишин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырган салык кызматынын органдары, банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору саналат.
3. Маалымат алмашуу кагаз жүзүндө жана/же электрондук түрдө жүзөгө ашырылат.
4. Кагаз жүзүндө маалымат алуу үчүн салык кызматынын органы банкка салык кызматынын органынын фирмалык бланкында салык кызматынын органынын жетекчиси же анын орун басары тарабынан кол коюлган, салык кызматынын органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү суроо-талапты жөнөтөт.
5. Маалыматты электрондук түрдө алуу үчүн салык кызматынын органы Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык маалыматтык система аркылуу электрондук суроо-талапты жөнөтөт.
6. Техникалык мүмкүнчүлүктөр бар болгондо банктын жообу реалдуу убакыт режиминде маалымат системасы аркылуу автоматтык түрдө түзүлүшү жана жөнөтүлүшү мүмкүн.
7. Электрондук түрдө маалымат алмашуу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте жана форматта банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ыйгарым укуктуу салык органы менен электрондук өз ара аракеттенүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
8. Бир суроо-талапты бир эле учурда Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан бир нече же бардык банктарга жөнөтүүгө жол берилет.
9. Эгерде маалымат суроо-талап боюнча берилүүгө тийиш болсо, анда суроо-талапка ушул Тартипте белгиленген талаптар толук болуп саналат.
10. Банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты берүү максатында ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында каттоо жана эсептешүү түйүндөрүн каттоо жолу менен ыйгарым укуктуу салык органы менен электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Ушул пункттун максаттарында эсептешүү түйүнү болуп аралыктан төлөө формаларынын инструменттери, QR-төлөмдөр, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, идентификацияланган электрондук капчыктар жана башка перифериялык түзүлүштөр, ошондой эле төлөм системасы тарабынан берилген ар кандай мобилдик тиркемелер саналат.
11. Эсептешүү түйүнүнүн каттоо маалыматтары өзгөргөн же эсептешүү түйүнүнүн иши токтотулган учурларда банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору реалдуу убакыт режиминде каттоо параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында эсептешүү түйүндөрүн каттоодон алып салууну камсыз кылууга милдеттүү.
2-глава. Салык төлөөчүлөрдүн эсептери боюнча маалымат берүү