Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 396 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 489, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын уюштуруучусу болуп эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы) болуп саналат.
5. Ишкананын фирмалык аталышы бар:
1) толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде - государственное предприятие "Нарынстрой" при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики;
2) кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Нарынкурулуш" МИ;
- расмий тилде: ГП "Нарынстрой".
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат.
7. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.