Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому
2024-жылдын 17-июлу № 397
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун кызматкерлеринин штаттык саны жана эмгек акы төлөө шарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун кызматкерлеринин штаттык санынын чегин жана эмгек акы төлөө шарттарын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-статьясынын 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3 | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы | 136 | 24 |
| анын ичинде: |
|
|
| аппарат | 131 | 21 |
| ведомстволук бөлүмү | 5 | 3 |
".
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,48 |
2 | Эксперт | 3,84 |
3 | IT-аналитик | 9,95 |
4 | Программист | 10,66 |
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун IT-аналитиги жана программисти адистерине ушул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасы жана 3-пункту жайылтылбайт.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун IT-аналитиги жана программисти адистерин кошпогондо, башка кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, көрсөткөн кесиптик демилгеси, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянасынын 50%ына чейинки пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.".