Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-декабры № 60
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарындагы муниципалдык менчик объекттерин натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо;
2-тиркемеге ылайык, муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүүгө берүү жөнүндө типтүү келишим;
3-тиркемеге ылайык, муниципалдык мүлктү ыкчам башкарууга берүү жөнүндө типтүү келишим;
4-тиркемеге ылайык, мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга муниципалдык мүлктү берүү жөнүндө типтүү келишим;
5-тиркемеге ылайык, жеңилдетилген ижара акысы менен типтүү келишим;
6-тиркемеге ылайык, 1-топтун рыноктук жеңилдетилген ижара акысы менен типтүү келишими;
7-тиркемеге ылайык, 2-топтун рыноктук жеңилдетилген ижара акысы менен типтүү келишими;
8-тиркемеге ылайык, 3-топтун рыноктук жеңилдетилген ижара акысы менен типтүү келишими.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бул объекттерди жана жабдууларды жайгаштыруу чиймелери бекитилгенден кийин гана Бишкек шаарынын сейил бактарында, гүлбакчаларында жана баккөчөлөрүндө орундарды, электр самокаттарды жана велосипеддерди жайгаштыруу үчүн аянттарды муниципалдык комплекстердин аймактарында бирдиктүү үлгүдөгү лайт боксторду жайгаштыруу, проекциялык жарнакты орнотуу үчүн берүүнү жүргүзсүн.
3. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| К.Конгантиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтомуна 2-тиркеме |
Муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүүгө берүү жөнүндө № ___________ ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
Бишкек шаары |
| 20____-жылдын "___" __________ |
Жобонун негизинде иштөөчү, муниципалдык мүлктүн ыйгарымдуу укуктуу органы болуу менен,
директордун атынан __________________________________________________________________
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, мындан
ары "Менчик ээси" деп аталуучу, бир тараптан жана
______________________________________________________________________________ атынан
(аты-жөнү, кызматы)
______________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________ муниципалдык ишкана
(муниципалдык мекеменин, ишкананын толук аталышы)
Уставдын (жобонун) негизинде иштөөчү, мындан ары "Пайдалануучу" деп аталуучу экинчи
тараптан, төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан колдонуучуга жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле чарбалык ишти жүргүзүү үчүн пайдалануучуга муниципалдык менчик укугунда таандык болгон муниципалдык мүлктү пайдалануучуга чарба жүргүзүүгө берүү ушул Келишимдин предмети болуп саналат.
2. Ушул келишимге ылайык Пайдалануучуга берилүүчү муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелинген кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын (тиркелет) негизинде жүргүзүлөт.
3. Ушул келишимге ылайык Пайдалануучуга берилүүчү муниципалдык мүлк Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкү болуп саналат жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында каралган турак жай эмес имаратынан, курулмадан же жайдан жана башка мүлктөн турат.
4. Ушул келишимге ылайык чарба жүргүзүү укугунда Пайдалануучуга берилүүчү муниципалдык мүлк Пайдалануучунун балансында 20___-жылдын "__" __________ абалы боюнча чагылдырылат.
5. Ушул келишимдин иштөөсү Пайдалануучунун ишмердигинин натыйжасында жана Пайдалануучунун балансында катталган, ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк объекттеринин Реестринде эсепке алынууга тийиш болгон Пайдалануучу тарабынан түзүлгөн же сатылып алынган мүлккө жайылтылат жана ушул келишимге балансты тапшыруу боюнча толуктоолор түрүндө киргизилет.