Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
2020-жылдын 14-январы № 143
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында муниципалдык менчик объекттерин натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
а) 1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо;
б) 2-тиркемеге ылайык, чарбалык жүргүзүүгө муниципалдык мүлктү берүү жөнүндө типтүү келишим;
в) 3-тиркемеге ылайык, ыкчам башкарууга муниципалдык мүлктү берүү жөнүндө типтүү келишим;
г) 4-тиркемеге ылайык, жеңилдетилген ижара акысы менен типтүү келишим;
д) 5-тиркемеге ылайык, рыноктук ижара акысы менен типтүү келишим;
е) 6-тиркемеге ылайык, субижаралоо типтүү келишими;
ж) 7-тиркемеге ылайык, узак мөөнөттүү ижаралоо типтүү келишими;
з) 8-тиркемеге ылайык, кыймылдуу мүлктүн типтүү келишими.
2. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын: