Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-августу № 473
"Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү жана жайылтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жободо:
- 1.7-пункт "башка ишти" деген сөздөрдөн кийин "(статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча статистика органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштерден тышкары)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилөө эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштердин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштердин түрлөрүнүн тизмесинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 22-пунктча менен толукталсын:
"22) статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча статистика органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу иш.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", "Расмий статистика жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-6-тиркемелери ушул токтомдун 1-6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш | Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | ||||||
Чек аралык | Транспорттук | Медициналык санитардык-карантиндик | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Статистикалык эсеп | ||||
1 | Ак-Жол автожолу | Чүй обл., Аламүдүн р-ну (Бишкек-Алматы а/ж 18 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
2 | Жайыл автожолу | Чүй обл., Жайыл р-ну, Степное а. түндүк чети | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
3 | Чалдыбар автожолу | Чүй обл., Панфилов р-ну, Чалдовар а. батыш чети (Бишкек-Тараз а/ж 98 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
4 | Камышановка автожолу | Чүй обл., Сокулук р-ну, Камышановка а. батыш чети | Эки тараптуу, күндүз | + | + | - | + | + | + | + |
5 | Ак-Тилек автожолу | Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Чу д. түштүк жээги (Хун-Чи а. чыгыш жагында көпүрөнүн жаны) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
6 | Кен-Булуң автожолу | Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Казакстан Республикасынын Трудовик а. бурулушундагы көпүрөнүн жаны | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | - | + | + | + | + |
7 | Токмок автожолу | Чүй обл., Чүй р-ну (Бишкек-Кемин а/ж 63 км, Чу д. аркылуу Дунларов атынд. көпүрөнүн жаны) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
8 | Каркыра автожолу | Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Каркыра жери (3 МТФ) | Көп тараптуу, күндүз | + | + | - | + | + | + | + |
9 | Чоң-Капка автожолу | Талас обл., Манас р-ну | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
10 | Кичи-Капка автожолу | Талас обл., Манас р-ну | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + |
| + | + | + | + |
11 | Күркүрөө автожолу | Талас обл., Кара-Буура р-ну, Аманбаев а. батыш чети | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | - | - | + | + | + | + |
12 | Кайыңды темир жолу | Чүй обл., Панфилов р-ну, Кайынды ш. | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | + | + | + | + | + |
Эскертүү: Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик чек арага жакын жерде транспорттук контроль жүзөгө ашырылат.".