Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-сентябры № 484
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилөө эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштердин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 26 жана 31-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилөө эрежеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштердин түрлөрүнүн тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы N 81 (3153) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштердин түрлөрүнүн тизмеси
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролду жүргүзүүчү органдардын иши.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында (мындан ары - өткөрүү пункттары) жүргүзүлүүчү чарба жана башка иштердин түрлөрү:
1) өткөрүү пункттарында мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча жергиликтүү аткаруу органдарынын жүргүзгөн иши;
2) тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын виза пункттарынын иши;