Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 токтомуна)
Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекеттик мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик мүлк - мамлекеттин менчигинде, анын ичинде мамлекеттик органдын, ишканалардын жана мекемелердин (баланс кармоочулардын) ыкчам башкаруусунда жана чарбалык карамагында турган кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, анын ичинде чарбалык коомдордогу акция (катышуу үлүшү) жана талап кылуу укуктары;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары: республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана айыл өкмөттөрү;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.
3. Мамлекеттик мүлк "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген шарттарда муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилет.
Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү зарылдыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык даярдалуучу өтүнүч катта негизделүүгө тийиш.
4. Республика үчүн мамлекеттик мааниси жана республикалык мааниси бар мамлекеттик мүлк муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес.
2-глава. Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө демилге көтөрүүнүн жана чечим кабыл алуунун тартиби
5. Мүлктүк комплекс жана кыймылсыз мүлк түрүндөгү мамлекеттик мүлк, ошондой эле чарбалык коомдордогу акциялар (катышуу үлүшү) түрүндөгү мамлекеттик мүлк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилет.
6. Эгерде мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актысын кабыл алуу же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкса, мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен жүзөгө ашырылат.
7. Мамлекеттик мүлктү кыймылдуу мүлк түрүндө муниципалдык менчикке өткөрүп берүү (чарбалык коомдордогу акцияларды (катышуу үлүшүн) кошпогондо) баланс кармоочу менен алдын ала макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүзөгө ашырылат.
8. Ушул Тартиптин 5, 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн чечимдер зарыл болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик мүлктү андан ары ээликтен ажыратпоо же аны максаттуу багыты боюнча пайдалануу сунушун камтууга тийиш.
9. Мамлекеттик ишкана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилет.
10. Юридикалык жакка карата андан аркы аракеттерди аныктабастан мамлекеттик ишкананын мүлктүк комплексин муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
11. Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечимди демилгелөө үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы төмөнкү документтерди даярдашы керек:
1) ушул Тартиптин тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын же аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчисинин мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчү;
2) "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык кабыл алынган чечим түрүндө иштеп жаткан чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин макулдугу;
3) укук белгилөөчү документтер.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин мазмуну, мыйзамдуулугу, тууралыгы, негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кызмат адамдары тартат.
12. Ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтер ушул Тартиптин 5, 6-пункттарында каралган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөөдө тиркелет.
13. Ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтер кыймылдуу мүлктү өткөрүп берүүдө ушул Тартиптин 7-пунктуна ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жиберилет.
14. Ушул Тартиптин 5 жана 6-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүлктү өткөрүп берүү боюнча чечиминин долбоорун демилгелөө маселеси Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органына же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, шаарлардын мэрияларына жүктөлөт.