Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 743 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн ЭРЕЖЕСИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежеси (мындан ары - Эреже) Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык иштелип чыккан жана токойдун кыйылуучу жерин бөлүүнүн, даракты даярдоонун жана берүүнүн, кыюу учурунда (жакшыртып кыюу, суюлтуу, жаңыртуу), санитардык, токойду калыбына келтирүүчү жана башка кыюуларда, Кыргыз Республикасынын аймагындагы баалуулугу аз бак-дарактарды реконструкциялоого байланышкан кыюуларда токойдун кыйылуучу жерин токой пайдалануучуларга берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Жер фондунун башка категорияларындагы жерлердеги токой бак-дарактары үчүн ушул Эреже бул бак-дарактар аткарган коргоочу функциялардын багытын эске алуу менен колдонулат.
3. Мамлекеттик коруктардын, мамлекеттик улуттук жаратылыш парктарынын жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлорунда Эреже бул аймактардын режимине, токой чарбасын жүргүзүүнүн жана "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген токой пайдалануунун тартибине каршы келбеген бөлүктө колдонулат.
4. Ушул Эреже төмөнкүлөр үчүн милдеттүү болот:
1) токой чарбасын жүргүзүүнү пландоо жана контролдоо жүктөлгөн ишканалар, мекемелер жана уюмдар;
2) токой чарбасын жүргүзүүгө, дарактарды жана экинчи даражадагы токой материалдарын даярдоо жана ташып чыгуу боюнча токой пайдаланууга байланышкан иш-чараларды аткарган токой пайдалануучулар;
3) токой аянттарын мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлеринин курамынан токойсуз жерлерге которууда өндүрүштүк объекттерди куруу үчүн токой аянттарын тазалоодо, ошондой эле токой чарбасын жүргүзүүгө жана токой пайдаланууга байланышкан да, байланышпаган да башка жумуштарды жүргүзүүдө токойду кыйган ишканалар жана уюмдар.
5. Ушул Эрежеде төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) жогорку кампа - кийин төмөнкү кампага же керектөөчүгө ташып чыгуу үчүн жыгач устундарды жана сортименттерди жүктөөчү аянт;
2) өсүп турган дарак - кыюуга бөлүнгөн, өсүп турган бак-дарактар;
3) жыгач сортименттери жана устундар - стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарына шайкеш келген, иштетилбеген (жумуру) жана иштетилген (тилинген), белгиленген багыттагы жыгач материалдар;
4) токойдун кыйылуучу жери - токойдун кыюуга арналган участогу;
5) төмөнкү кампа - жыгач сортименттерин сактоочу база же пункт;
6) жыгач берүүгө наряд - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан берилген кыюу үчүн так отчеттуулуктагы документ;
7) ордер - токойду бутактардан, сөңгөктөрдөн жана калдыктардан пландан тышкары тазалоодо даракты аз-аздан берүүгө укук берген документ;
8) кыйылган жерлерди текшерүү - токойдун кыйылуучу жерин иштетүү, экинчи даражадагы жыгач материалдарды даярдоонун толуктугун жана тууралыгын, ошондой эле кыйылбай калгандарды, ташып чыгарылбаган дарактарды жана токой пайдалануудагы башка укук бузууларды аныктоо;
9) плюстук (үрөндүк) дарак - чарбалык-баалуулук белгилеринин бири же комплекси боюнча үрөнчүлүк жана андан ары селекциялоо максаттары үчүн токой бак-дарактарынын ичинен тандалган мыкты дарак;
10) технологиялык карта - токой кыюу жумуштарын жүргүзүүнүн кабыл алынган технологиясы жана мөөнөттөрү, кыюунун жана кыйылган чамындылардан тазалоонун ыкмалары, сүйрөп өтүүчү жолдорду, жолдорду, жүктөөчү аянттарды, жеткирүүчү жана ташып чыгуучу жерлерди жайгаштыруу схемасы, жаш дарактарды жана өнүмдөрдү сактоо аянты жана алардын сакталуу пайызы, токойду калыбына келтирүүнүн ыкмалары жана эрозиялык процесстердин алдын алуу боюнча иш-чаралар.
2-глава. Өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежеси
6. Мамлекеттик токой фондунун аймагында кыюуларды жүргүзүүдө (башка кыюулардан тышкары) өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн тартиби ушул Эрежеге ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Чек арага чектеш аймактарда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүү ушул Эрежеге жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 26-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Токой чарбасынын муктаждыктары үчүн токой чарбаларына өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүү Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 50-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Башка кыюуларда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүү токой жайгаштыруу жумуштарын жүргүзүүдө, айрым дарактарды илимий максаттарда кыюуда, гидротүйүндөрдү, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду, өткөргүч түтүктөрдү, жолдорду курууга байланыштуу токой аянттарын тазалоодо, ошондой эле токойдо жолду жана өрткө каршы ажырым тилкелерди салууда, пайдалуу кендерди иштетүүдө (жер казынасын пайдалануу), геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө, токой чарбасынын муктаждыктары үчүн туристтик индустриянын объекттерин жана автомобиль транспортунун инфраструктурасын курууда, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинде каралган кыюуларды чектөөнү кошпогондо, ушул Эрежеге ылайык жүзөгө ашырылат. Башка кыюуларда тандап жана туташ кыюуга жол берилет.
10. Мамлекеттик токой фондунун аймагында өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн ар жылдык өлчөмү Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 84-беренесине ылайык аныкталган кыюулардын ар жылдык көлөмүн (токой кыюу фондун) жана санитардык-жакшыртуучу иш-чараларды камтыйт.
11. Мамлекеттик токой фондунун участокторунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн ар жылдык өлчөмүн белгилөөнүн, токойдун кыйылуучу жерин иштетүү үчүн даярдоо жумуштарын жүргүзүүнүн, токойдун кыйылуучу жерин жана даярдалган дарактарды текшерүүнүн тартиби кийин токой чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсү менен токой чарбасы тарабынан аныкталат. Өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүдө иштетүүгө жарактуу дарактын чыгышын эске алуу менен таксаларга коэффициенттер колдонулат.
12. Токой чарбалары токой пайдаланууга укуктуу токой пайдалануучулардын өтүнмөлөрүнүн негизинде ага кыюу үчүн жеке өтүнмөлөрдү киргизүү менен, жыл сайын өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүгө жыйынды материалды түзөт.
13. Токой чарбалары токой чарбасын жүргүзүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларга жана токой жайгаштыруу материалдарына ылайык кыюуларды жүргүзүү үчүн токойдун кыйылуучу жерин бөлөт жана аларды материалдык-акчалай баалоону жүргүзөт, кийин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматына жыгач кыюуга нарядды алуу үчүн материалдарды берет.
14. Мамлекеттик токой фондуна кирбеген бак-дарактарды кыюу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык органдары менен макулдашуу боюнча аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
15. Мамлекеттик токой фондунун участогунда дарактарды даярдоо карагай кыюу билеттери жана дарактарды аз-аздан берүүгө ордерлер, ал эми экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдоо - токой чарбасы менен келишим боюнча жүзөгө ашырылат.
16. Карагай кыюу билети токой чарбалары тарабынан жыл сайын токойдун конкреттүү кыйылуучу жерине берилет жана токой пайдалануучуга дарактарды даярдоого жана ташып чыгууга укук берген документ болуп эсептелет.
17. Токой кыюунун бардык түрлөрүндө токойдун кыйылуучу жерин иштетүү токой пайдалануучу тарабынан иштелип чыккан технологиялык карталар боюнча жүргүзүлөт, алар токой чарбалары менен макулдашылат жана ансыз карагай кыюу билеттери берилбейт.
Дарактарды аз-аздан берүүгө ордер токой чарбасы тарабынан токойду бутактардан, сөңгөктөрдөн жана калдыктардан тазалоодо (токойду чапкындан жана шамалдан сынган жыгачтардан тазалоодо) карагай кыюу билетинин негизинде берилет.
18. Карагай кыюу билети (ордерлер) берилгенге чейин кыюу башталган күндөн тартып бир айдын ичинде өзгөчө тартипте төмөнкүлөрдү кыюуга уруксат берилет:
1) авариялык кырдаалды түзгөн (байланыш, электр берүү линияларына, автотрассаларга, имараттарга жана курулмаларга, турак үйлөргө жыгылуу коркунучу болгон же аварияларды жоюуда) дарактарды;
2) токойдун кыйылуучу жерин бөлүүдө, токой жайгаштырууну жүргүзүүдө, изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн визирлерди салууда жана илимий-изилдөө иштерин аткарууда, токойдогу өрттү өчүрүүдө, токойду кургатуу тармактарын оңдоодо жана тазалоодо, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө кыйылган бактарды.
19. Токой пайдалануучуларга токойдун кыйылуучу жерлери токой чарбасы өткөргөн конкурстун жыйынтыгы боюнча токойдун кыйылуучу жерин иштетүүгө келишимди кийин тариздөө, тараптардын жоопкерчиликтерин, укуктарын жана милдеттерин көрсөтүү менен берилет.
Токойду кыюу фондунун пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан белгиленет.
20. Токой пайдалануучулар дарактарды даярдоодо Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 16, 27, 28 жана 39-беренелеринде каралган талаптарды сактоого, ошондой эле төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1) айлана-чөйрөнү коргоонун талаптарын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды сактоого;
2) дарыялардын нуктарын сүйрөп өтүүчү жол жана жыгач ташуучу жол катары пайдаланууга жол бербөөгө;
3) токойдун кыйылуучу жерин токойдо өрт коркунучу сезону башталганга чейин тазалоого;
4) токой кыюуда жана жолдорду тазалоодо, токой кампаларын түзүүдө жана курулмаларды курууда мамлекеттик токой фондунун участокторунун булганышына жол бербөөгө;
5) плюстук (үрөндүк) жана кыйылбоочу башка бактардын, өнүмдөрдүн, токой өсүмдүктөрүнүн, ошондой эле токой жайгаштыруу жана токой чарбалык белгилердин, дарактардагы жана дүмүрлөрдөгү эн тамгалардын сакталышын камсыз кылууга;
6) жолдордун, көпүрөлөрдүн, токой жолдорунун, ошондой эле жол жана гидромелиорациялык башка курулмалардын, нуктардын бузулушуна жол бербөөгө.
21. Мыйзамсыз даярдалган дарактар, ошондой эле токой пайдаланууга укугу токтотулгандан жана карагай кыюу билетин колдонуу аяктагандан кийин токой пайдалануучулар тарабынан даярдалган дарактар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кийин сатуу үчүн алынууга тийиш.