Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-ноябры № 221
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо, Достук, С.Юсупова, Чек-Абад, Дөбө-Коргон жана Төө-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Араван аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо, Достук, С.Юсупова, Чек-Абад, Дөбө-Коргон жана Төө-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык:
- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Араван аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Керме-Тоо, Достук, С.Юсупова, Чек-Абад, Дөбө-Коргон жана Төө-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.
Керме-Тоо, Достук, С.Юсупова, Чек-Абад, Дөбө-Коргон жана Төө-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин:
- Керме-Тоо айылдык кеңешинин (1-тиркеме);
- Достук айылдык кеңешинин (2-тиркеме);
- С.Юсупова айылдык кеңешинин (3-тиркеме);
- Чек-Абад айылдык кеңешинин (4-тиркеме);
- Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин (5-тиркеме);
- Төө-Моюн айылдык кеңешинин (6-тиркеме).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Араван аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.
4. Араван аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2024-жылдын 23-ноябрындагы
№221 токтомуна 1 тиркеме
2024-жылдын 17-ноябры
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
ОШ ОБЛУСУНУН АРАВАН РАЙОНУНДАГЫ КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
П Р О Т О К О Л
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо
I. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана № 1, 2, 3, 4 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№ 1 Гулбаар 6 мандаттуу округ боюнча
№
| Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
|
| |||
1. | Абсатар Уулу Мунарбек | 376 |
|
2. | Алтыбаев Куштарбек Усонбаевич | 283 |
|
3. | Аматова Нурпери Карыбековна | 256 |
|
4. | Атазова Калбү Карыбековна | 277 |
|
5. | Жамшитбек Уулу Сапарбек | 364 |
|
6. | Жолонов Чолпонбай Арапбаевич | 498 |
|
7. | Калмурзаева Жумагул Турсунбаевна | 239 |
|
8. | Кудайбердиев Альберт Жанышевич | 222 |
|
9. | Мирзаев Чынгыз Абдирашитович | 237 |
|
10. | Нурбаев Майрамбек | 196 |
|
11. | Саитов Азиретали Джанибекович | 99 |
|
12. | Ташматов Тынчтыкбек Момунжанович | 357 |
|
13. | Төлөнбек Кызы Үмүт | 178 |
|
14. | Шерматов Абдираимжан Мураталиевич | 190 |
|
15. | Юнусов Мунарбек Жамшидбекович | 214 |
|
16. | БААРЫНА КАРШЫ | 1 |
|