Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-ноябры № 218
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгы менен дайындалган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Ош шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 102 шайлоо участок түзүлгөн.
Шайлоочулардын тизмесине 235452 шайлоочу киргизилген.
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 5 саясий партия катталган: "Жаңы Кыргызстан", "Ынтымак", "Мурас", "Бир Бол", "Милдет".
Добуш берүүгө жалпысынан 57736 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 24,52% түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 121 шайлоочу катышты.
Ош шаардык кеңешинде мандаттардын саны 51.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 5 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: "Жаңы Кыргызстан" - 24427 добуш (43,09%) - 22 мандат; "Ынтымак" - 11210 добуш (19,77%) - 10 мандат; "Мурас" - 8490 добуш (14,98%) - 8 мандат; "Бир Бол" - 5695 добуш (10,05%) - 5 мандат; "Милдет" - 6117 добуш (10,79%) - 6 мандат.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык:
- 102 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ош аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Суу шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2024-жылдын 23-ноябрындагы
№218 токтомуна тиркеме
2024-жылдын 17-ноябры
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН
ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
П Р О Т О К О Л
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо.
I. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. № 1, №2, №3 таблица түрүндө сунушталат.
| Саясий партиялардын аталышы (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Саясий партиялар үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны (сандар жана жазуу түрүндө) | ||||||
1. | Жаңы Кыргызстан | 0 | 2 | 4 | 4 | 2 | 7 | Жыйырма төрт миң төрт жүз жыйырма жети |
2. | Ынтымак | 0 | 1 | 1 | 2 | 1 | 0 | Он бир миң эки жүз он |
3. | Мурас | 0 | 0 | 8 | 4 | 9 | 0 | Сегиз миң төрт жүз токсон |
4. | Бир Бол | 0 | 0 | 5 | 6 | 9 | 5 | Беш миң алты жүз токсон беш |
5. | Милдет | 0 | 0 | 6 | 1 | 1 | 7 | Алты миң бир жүз он жети |
6. | «Баарына каршы» | 0 | 0 | 0 | 7 | 5 | 5 | Жети жүз элүү беш |