Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-ноябры № 223
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди, Кашка-Суу жана Чоң-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди, Кашка-Суу жана Чоң-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык:
- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Жекенди, Кашка-Суу жана Чоң-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.
Жекенди, Кашка-Суу жана Чоң-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин:
- Жекенди айылдык кеңешинин (1-тиркеме);
- Кашка-Суу айылдык кеңешинин (2-тиркеме);
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин (3-тиркеме).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.
4. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2024-жылдын 23-ноябрындагы
№223 токтомуна 1 тиркеме
2024-жылдын 17-ноябры
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
ОШ ОБЛУСУНУН ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНУНДАНЫ ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
П Р О Т О К О Л
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо
I. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Жекендиайылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана № 1,2,3,4,5 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№1, Кара-Теит 3-мандаттуу округ боюнча
№
| Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
|
| |||
1. | Амирбеков Акматали Жапарович | 203 |
|
2. | Асилбек уулу Илимгазы | 189 |
|
3. | Ирапбай уулу Адыл | 189 |
|
4. | Калыкова Сайкал Исиражовна | 120 |
|
5. | Баарына каршы | 0 |
|
№ 2 таблица
№2, Кара-Мык 8-мандаттуу округ боюнча
№
| Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
|
| |||
1. | Абдилатов Уланбек Султанович | 238 |
|
2. | Акылбеков Талантбек Кудайбердиевич | 261 |
|
3. | Бакыбекова Бүсанам Жунусовна | 319 |
|
4. | Исабеков Машрап Шарапидинович | 271 |
|
5. | Мурзапар уулу Назирилла | 389 |
|
6. | Мээражова Айжаркын Арпидиновна | 191 |
|
7. | Нишанова Мээргүл Айнидиновна | 264 |
|
8. | Эшмаматов Бекмамат Пазылидинович | 273 |
|
9. | Баарына каршы | 1 |
|