Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-декабры № 779
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-2, 7-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 "Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарда:
- 4, 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча штаттык расписаниесинде каралган ар бир административдик кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарды ушул типтүү квалификациялык талаптардын негизинде бекитет.
5. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан органдын функцияларын же болбосо кызмат ордунун функциялык милдеттерин өзгөртүүнүн негизинде жүргүзүлөт.";
- 7-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) билүүгө.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруунун түзүмдүк бөлүмү жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында жана 1-пунктунда "башкаруунун түзүмдүк бөлүмү" деген сөздөр "башкаруу кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруу кызматы жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мындан ары - ЖӨБО) персоналды башкаруу кызматынын (мындан ары - кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулат.
2. Кызмат мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мамлекеттик орган жана ЖӨБО жөнүндө жоболорду, ошондой эле Типтүү жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун кадрдык потенциалын калыптандыруу, өнүктүрүү жана кесиптик өркүндөтүү максатында түзүлөт.
Кызмат жок мамлекеттик органда жана ЖӨБОдо персоналды башкаруу маселелери персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерге (мындан ары - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу) жүктөлөт.
5. Кызмат же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өз ишин мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчисинин (мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчисинин кадр маселесин тескеген орун басарынын), ошондой эле мамлекеттик органдын жана ЖӨБО аппаратынын жетекчисинин (бул кызмат орду уюштурулган мамлекеттик органда жана ЖӨБОдо) жалпы жетекчилиги астында жүргүзөт.
2-глава. Түзүмү
6. Кызматтын аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчиси тарабынан бекитилген штаттык түзүмдүн жана сандын чегинде аныкталат.
7. Кызмат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик органдын жана ЖӨБО жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан расписаниесинде каралган жетекчиден жана адистерден турат.
8. Кызматтын жетекчиси жетекчилик, башка мамлекеттик органдар жана ЖӨБО, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамилелерде кызматтын атынан чыгат, жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, кызматтагы эмгек тартибинин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
9. Кызмат түздөн-түз мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун жетекчисине (кадр маселесин тескеген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарына), мамлекеттик органдын жана ЖӨБОнун аппаратынын жетекчисине (бул кызмат орду уюштурулган мамлекеттик органда жана ЖӨБОдо) отчет берет жана өз ишин жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүргүзөт.