Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-январы № 8
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын,
түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери
жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында пайдалануучуга багытталган санариптик платформаларды жана сервистерди ишке киргизүү жана санариптик кызматтарды көрсөтүүнүн инновациялык ыкмаларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси - Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн арналган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же төлөм уюмдарынын башка санариптик инструменттери;
сатуучу - жеке жак - транспорт каражатынын ээси;
сатып алуучу - төлөөнү жүзөгө ашыруучу жана транспорт каражатын сатып алуучу болуп саналган жеке жак;
адис - арыздарды кароого жана транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоого ыйгарым укуктуу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
"Транспорт каражаттарынын регистри" АМС - транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык системасы;