Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 267-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т тескемеси менен бекитилди) |
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак өткөрүү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476-т, 2025-жылдын 8-июлундагы № 582-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак өткөрүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынакты (мындан ары - Сынак) уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) ишин ишке ашырууну аныктайт.
2. Сынакты өткөрүү боюнча уюштуруучулук-техникалык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары - Маданият министрлиги) жүзөгө ашырат.
3. Сынакка сунушталган музыкалык чыгармаларды баалоо жана мыкты долбоорлорду аныктоо ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Сынакты өткөрүүнүн максаты жана милдеттери
5. Сынак Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун аныктоо үчүн өткөрүлөт.
6. Сынактын милдети патриоттук сезимге жана Ата мекенди сүйүүгө тарбиялоо болуп саналат.
7. Сынак Кыргыз Республикасынын эркиндигин, адилеттүүлүгүн, элинин биримдигин даңазалаган жогорку көркөм музыкалык чыгарманы тандоого багытталган.
8. Сынак ачык түрдө 2 этапта өткөрүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин долбоорун тандоо;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы тандалып алынган тексттеринин негизинде музыкасынын долбоорун тандоо.
Эскертүү: Сынакка долбоорлорду кабыл алууда мурда катышкан жарандар жаңы эмгектери менен катыша алат.
3-глава. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин долбоорун тандоо боюнча Сынакка катышууга коюлган талаптар
9. Сынактын 1-этабында акындар, автордук жамааттар (музыкалык чыгармачыл жамааттар, ошондой эле башка уюмдар - 5 адамдан ашпаган) катыша алат.
10. Сынакка "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автордук укуктарды сактоо менен жаңы, ошондой эле мурда аткарылган жана жарыяланган чыгармалар сунушталышы мүмкүн. Сынактын ар бир катышуучусу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин долбоорунун (мындан ары - Гимндин долбоору) бир же бир нече вариантын сунуштай алат.
11. Сынакка катышуу үчүн өтүнмө (Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада) берилет, анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
- туулган күнү, айы, жылы;
- ким экендигин ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, берилген датасы, аны берген органдын аталышы;
- жашаган жери, катталган дареги;
- байланыш телефон номери же байланыштын башка ыкмалары жөнүндө маалыматтар.
12. Эгерде Сынакка автордук жамааттар катышса, анда Сынакка катышууга өтүнмөдө жамааттын аталышы, алардын автордук катышуусун тактоо менен бардык авторлор жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар көрсөтүлөт (Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада).
13. Сынакка катышуу үчүн өтүнмөдө төмөнкү документтер тиркелет:
- Гимндин долбоорунун кагаз жүзүндөгү тексти;
- ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу (Жобонун 3-тиркемесине ылайык).
14. Сынактык долбоор 4төн көп эмес куплеттен (3 куплет жана 1 кайырма) түзүлүшү керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 582-т тескемесинин редакциясына ылайык)
15. Сынактын 1-этабына катышуу үчүн өтүнмөнүн кагаз жүзүндө варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 17-июлуна чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 78.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 582-т тескемесинин редакциясына ылайык)
16. Сынактын 1-этабына катышууга өтүнмөнүн электрондук (сканерден өткөрүлгөн) варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 17-июлуна чейин gimn.2025@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 582-т тескемесинин редакциясына ылайык)
17. Сынакка катышууга өтүнмөлөр тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге андан ары ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берүү үчүн Маданият министрлигинде катталат.
18. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин келип түшкөн долбоорлорун 2025-жылдын 25-июлуна чейин карап чыгат жана 5 (беш) мыкты эмгекти тандап алат.