Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 19-ноябры № 698

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын

персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик

реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында

колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана

атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу"

токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө документти мамлекеттик маанидеги документ катары таануу максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын (базалык) тизмесинде:

- "Документтердин жана бланктардын тизмеси" графасынын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Философия докторунун (PhD)/тармак боюнча доктордун диплому".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.