Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 3-февралы № 2
Бирдиктүү реестрге киргизилген, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, аймактык жана ведомстволук органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө» токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 15-19-пункттарына ылайык буйрук кылам:
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин.
1) аккредитацияланган лабораториялардын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык лабораториялардын компетенттүүлүгүн тастыктоо ушул буйруктун 1- тиркемесине ылайык;
2) продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн тастыктоо ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык;
3) менеджмент системасын сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн тастыктоо ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык;
4) персоналды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык персоналды сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн тастыктоо ушул буйруктун 4-тиркемесине ылайык;
5) контролдоонун аккредитацияланган органынын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык контролдоо органынын компетенттүүлүгүн тастыктоо ушул буйруктун 5-тиркемесине ылайык.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмү:
1) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, жазуу түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору:
1) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык жарыялоону камсыз кылсын;
2) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштурсун.
4. Иш кагаздарды жүргүзүү жана аткарылышын контролдоо бөлүмү ушул буйрукту техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборуна жеткирсин.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөдөн кийин күчүнө кирет.
6.Ушулбуйруктун аткарылышын контролдоо техникалык жөнгө салуу жана метрология маселелерин тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Министр | Б.Т. Сыдыков |
(Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 2 буйругуна) 1-тиркеме