Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна)
Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге, алардын менчигинин түрүнө карабастан коюлуучу негизги талаптарды, аларды эсепке алууга жана алар жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү тартибине коюлуучу талаптарды аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында пробалык көзөмөл баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Пробалык көзөмөл - баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин бузууларын алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган уюштуруу-техникалык жана укуктук иш-чаралардын системасы.
2-глава. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин милдеттери
4. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын эсепке турууга;
2) баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринде белгиленген тартипте эсепке алууну жүргүзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткарууга;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда отчетторду берүүгө.
5. Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды сатуу менен алектенген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөнкү эрежелерди сактоого милдеттүү:
1) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар аларда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамгасынын изи болгондо гана сатылат;
2) сатууга коюлган баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарда буюмдун аталышы, пробасы, массасы, буюмдун 1 граммы үчүн баасы, чөгөрмөлөрдүн түрү жана алардын мүнөздөмөлөрү, буюмдун баасы көрсөтүлгөн жарлыгы болууга тийиш. Чет өлкөлөрдө жасалган буюмдардын жарлыгында аны жасаган өлкө көрсөтүлүүгө тийиш.
Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын баа көрсөткүчүндөгү, жарлыгындагы буюмдун наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды жасоону жана ондоону эсепке алуу журналынын;
3) ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча асыл таштарды эсепке алуу журналынын;
4) ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүгүндө баалуу металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды сатууда кардарларды эсепке алуу журналынын;
5) квитанциялардын, коштомо кагаздардын, келишимдердин.
Автоматташтырылган (электрондук) эсепке алуу системалары болгон учурда баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алууну ушул Жобонун 1, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык эсепке алуу формаларында камтылган маалыматтарды милдеттүү түрдө киргизүү менен электрондук түрдө жүргүзүүгө уруксат берилет.
Классификациялык мүнөздөмөлөрү аныкталбаган асыл таштар менен бүтүмдөрдү жасоого жол берилбейт.
Иштетилбеген табигый алмаздарды жеткирип берүү акысын төлөө Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык накталай эмес ыкма менен жүргүзүлүүгө тийиш.
7. Кыргыз Республикасынын алтын казуучу жана кайра иштетүүчү ишканалары ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдардын өндүрүлүшү жана сатылышы боюнча отчетту ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча берүүгө милдеттүү.
8. Баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен күрөө операцияларын жүргүзүүчү күрөөканалар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдардын жана асыл таштардын талап кылынбаган күрөөлөрүн сатуу боюнча отчетту ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча берүүгө милдеттүү.
9. ЕАЭБ аймагында баалуу металлдарды (баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды кошпогондо) жана асыл таштарды экспорттоону/импорттоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдарды (баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды кошпогондо) жана асыл таштарды ташуу боюнча отчетту ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча берүүгө милдеттүү.
10. Иши пробалык көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон, пробалык көзөмөлдөө эрежелерин бузгандыгы үчүн күнөөлүү болгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.