Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 токтомуна) |
Ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуунун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) ветеринардык дары каражаттарынын сапатын баалоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүгө коюлган кошумча талаптарды аныктайт.
2. Ушул Эрежелер ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүү менен алектенген бардык юридикалык жана жеке жактарга (мындан ары - субъекттер) жайылтылат.
3. Баңгизат каражаттарын, психотроптук жана таасири күчтүү заттарды камтыган ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүү "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
4. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
ветеринардык дарыкана - ветеринардык дары каражаттарын чекене сатууну, аларды сактоону, берүүнү жана даярдоону жүзөгө ашырган, ошондой эле алардын сапатына жана коопсуздугуна кепилдик берген юридикалык жак же анын түзүмдүк бөлүмү, жеке ишкер катары катталган жеке жак;
сапатын баалоодон өткөн ветеринардык дары каражаттарынын реестри - алардын сапатын баалоо жол-жобосу жүзөгө ашырылган ветеринардык дары каражаттары жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык ресурс;
арыз ээси - ветеринардык дары каражатынын сапатына баалоо жүргүзүүгө электрондук же кагаз түрүндө арыз берген юридикалык же жеке жак;
ветеринардык дары каражатынын сапаты жөнүндө корутунду - ветеринардык дары каражатынын сапатына жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары боюнча берилүүчү, продукция сапат боюнча ченемдик документтин белгиленген талаптарына шайкеш экендигин күбөлөндүрүүчү документ (мындан ары - сапат жөнүндө корутунду);
ветеринардык дары препараттарын даярдоо - ветеринардык врачтардын рецепттери боюнча айрым жаныбарлар үчүн ветеринардык дары препараттарын ветеринардык дарыкана тарабынан даярдоо;
контрафакттык ветеринардык дары каражаты - Кыргыз Республикасынын аймагында интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен жүгүртүүдө болгон ветеринардык дары каражаты;
ветеринардык дары каражаттарын маркалоо - ветеринардык дары каражаттарынын биринчи жана экинчи (бар болсо) таңгактарында жайгаштырылган маалымат;
ветеринардык дары каражатына ченемдик документ - алардын аналитикалык методикаларын жана изилдөөлөрүн (сыноолорун) сыпаттоо менен же аларга шилтемелерди, ошондой эле дары формасын эсепке алуу менен сапаттын бул көрсөткүчтөрү үчүн тиешелүү алгылыктуулук критерийлерин көрсөтүү менен ветеринардык дары каражатынын сапатынын көрсөткүчтөрүнүн тизмегин камтыган ветеринардык дары каражатынын сапатын контролдоо боюнча документ (мындан ары - ченемдик документ);
ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүү - өз ичине иштеп чыгууну, клиникага чейинки изилдөөлөрдү (сыноолорду), клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүнү, экспертизалоону, каттоону же ветеринардык дары каражаттарын каттоо, сапатты контролдоо, коопсуздукту жана натыйжалуулукту баалоо, өндүрүү, даярдоо, сактоо, ташуу, ордун которуу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана ташып чыгуу, жарнамалоо, берүү, сатуу, өткөрүп берүү, колдонуу жана жок кылуу менен байланышкан башка жол-жоболорду камтыган иш;
рекламация - сатып алынган ветеринардык дары каражатынын сапатынын шайкеш келбегендигине байланыштуу керектөөчү тарабынан коюлган доомат;