Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-ноябры № 662
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Бул токтомдун 1-пункту менен жактырылган 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын бекитүү жана "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программада:
- Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программанын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде болуучу объекттердин тизмеги" 1-тиркемесинде:
37-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программанын "Менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин тизмеги" 2-тиркемеси:
төмөнкүдөй мазмундагы 38-пункт менен толукталсын:
"
38 | "Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКнын үлүшүнүн 100% |
".
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрү болуп дайындалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын аткарылышы жөнүндө отчет берсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.