Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-апрели № 219
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагында индустриялык-логистикалык борборду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 6-пунктуна, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 30-майындагы № 01-12/618 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 9-апрелиндеги № 160-т тескемесин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагындагы № 926, № 944 контурларда жайгашкан Исаков Нургазы Мухамедашымовичтин жеке менчигинде турган, жалпы аянты 90,35 га болгон сугат айдоо жер участогу "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) айыл чарба багытындагы жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу суммасын төлөөнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
3) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу пайдаланууну;
5) Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
6) аталган жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүү менен жер участогунун менчик ээсине/жерди пайдалануучуга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участогун алып коюуну караган чараларды көрүүнү;
7) аталган жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылса же жер участогу тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына кирип калса, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону;
8) тиешелүү аймакта жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
9) аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жер участогунун менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен уюштурууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 31 (3687) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |