Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-апрели № 220
2024-жылдын 27-сентябрында Нижний Новгород шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин бажы органдары тарабынан транспорттук (ташуучу) жана коммерциялык документтерде бажы органдарынын мөөрлөрүн жана штамптарын коюу тартиби жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 27-сентябрында Нижний Новгород шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин бажы органдары тарабынан транспорттук (ташуучу) жана коммерциялык документтерде бажы органдарынын мөөрлөрүн жана штамптарын коюу тартиби жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө россиялык тарапка кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 31 (3687) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |