Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна)
Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Типтүү жобо "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Айыл аймагынын жана шаардын аткаруу органы же жайыттарды башкарууга жана пайдаланууга ыйгарым укук берилген муниципалдык ишкана жайыт пайдалануучуга тиешелүү жыйым төлөнгөндөн кийин, келишимдин негизинде жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берет.
3. Жайыт ресурстарын башка максаттарда пайдалануу укугу үч жылдан ашык мөөнөткө берилген учурда, ал укук милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
4. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү ачык-айкындык, жалпыга жеткиликтүүлүк жана жайыт ресурстарын үзгүлтүксүз, сарамжалдуу, туруктуу пайдалануу принциптеринде жүргүзүлүшү керек.
5. Жайыттарды жеке жана юридикалык жактар төмөнкү максаттарда пайдалана алышат:
1) эс алуу үчүн;
2) жапайы өскөн мөмө, жемиш, козу карын, башка тамак-аш азыктарын жеке пайдалануу максатында чогултуу;
3) дарылык-техникалык чийки затты чогултуу жана аарычылык;
4) маданий, ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана спорттук иш-чараларга катышуу;
5) аңчылык;
6) жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын, сүттү чогултуу жана баштапкы кайра иштетүү пункттарын жана малды жасалма уруктандыруу пункттарын орнотуу;
7) чөп, тоют даярдоо;
8) жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу.
6. Көп жылдык мөмөлүү бак-дарактардын плантацияларын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун VI главасына ылайык асылдуулугу төмөн жайыттар гана берилет.
7. Ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашырууда жайыттар ушул Жобонун жана жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда берүү жөнүндө келишимдин талаптарын аткарууну эске алуу менен кийинки мөөнөткө узартылып, 5 жылдык мөөнөткө чейин берилет.
8. Туристтик ишти жүзөгө ашырууда жайыттардагы курулуштар архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте макулдашылган жеңил конструкцияларды тургузуу аркылуу ишке ашырылат, ушул Жобонун жана жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда берүү жөнүндө келишимдин талаптарын аткаруу эске алынып, кийин 20 жылга чейин узартуу менен 5 жылдык мөөнөткө чейин берилет.
9. Балык чарба ишин уюштуруу жана ишке ашыруу максаттары үчүн жайыттар "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык которулгандан (трансформациялангандан) кийин берилет.
10. Фаунанын эндемикалык түрлөрү жашаган жана өсүмдүктөрдүн эндемикалык түрлөрү өскөн аймактар, мал айдап өтүүчү жолдор камтылган жайыттар мал жаюу менен байланышпаган башка максаттар үчүн берилбейт.
11. Жеке жана юридикалык жактардын жайыт участогунда болуусу, ошондой эле жапайы өскөн мөмө, жемиш, козу карын, башка тамак-аш азыктарын, дарылык-техникалык чийки затты чогултуу айыл аймагынын жана шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планына ылайык чектелиши мүмкүн.
12. Жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган, жайыттын кыртышын бузууга алып келүүчү башка максаттарда берүүнүн милдеттүү шарты болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте тиешелүү аймакта бирдей маанидеги деградацияланган жайыт аймагын калыбына келтирүү саналат.
13. Калыбына келтирилүүгө тийиш болгон жайыт жерлери жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планга, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат жана бекитилет.
2-глава. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүүнүн тартиби
14. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү тиешелүү аймакта жашаган калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен ачык-айкын жүргүзүлөт.
15. Тиешелүү аймакта жашаган калктын кызыкчылыктары жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдаланууга артыкчылыктуу укук берүү менен эске алынат.
16. Тиешелүү аймакта жашаган калк жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун бул аймакта жашабаган адамдарга берүү, пайдалануунун кандайдыр бир түрү (кышкы, жазгы, жайкы, күзгү) жана жайыт аянты боюнча маселелерди жыйналыштын кароосуна коюуга укуктуу.