Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 21-майы № 404-т
Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарында шилтеме ченемдерди эске алуу менен Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ББ/ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик:
1) 2025-жылдын 30-августуна чейинки мөөнөттө 1-8-тиркемелерге ылайык ББ/ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин шилтеме ченемдерине шайкеш келтирүү үчүн иштин жөнгө салынуучу чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзсүн;
2) 2026-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө ушул пункттун 1-пунктчасынан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын белгиленген тартипте иштеп чыгууну жана кабыл алууну камсыз кылсын.
2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ушул тескеменин 1-пунктун аткаруу боюнча маалымат берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Администрациясына ушул тескеменин 1-пунктун аткаруу боюнча жалпыланган маалымат берип турсун.
4. Бул тескеменин өз убагында аткарылышы үчүн жоопкерчилик тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин тизмеси (ишке ашыруу үчүн жооптуу - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги)
№ | ББ/ЕАЭБ ченемдерине шилтеме | ББ/ЕАЭБ ТР шилтеме ченемдеринин мазмуну | Ишке ашыруу формасы (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реквизиттери, беренелерин жана пункттарын көрсөтүү менен) | Эскертүү |
1. "Дандын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 015/2011) | ||||
1 | 4-берененин 4-пункту | Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана ушул техникалык регламенттин 2, 4, 6-тиркемелеринде көрсөтүлгөн пестициддердин таасир этүүчү заттарынын калдык саны жол берилген деңгээлдерден ашып кетсе, данды Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагына жүгүртүүгө чыгарууга жол берилбейт |
|
|
2 | 4-берененин 5-пункту | Данды өндүрүүдө колдонулган жер семирткичтер Бажы бирлигинин мыйзамдарындагы талаптарга шайкеш келип, ал эми Бажы бирлигинин тийиштүү техникалык регламенттери күчүнө киргенге чейин, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарындагы талаптарга шайкеш келиши керек |
|
|
3 | 4-берененин 6-пункту | Данды ушул техникалык регламентте белгиленген сактоо процесстеринин талаптары, ошондой эле Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин улуттук мыйзамдарында белгиленген сактоо шарттары сакталып, анын коопсуздугун жана керектөөчүлүк касиеттеринин сакталышын камсыз кылган дан сактоочу жайларда дан сакталат |
|
|
2. "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 021/2011) | ||||
4 | 11-берененин 6-пункту | Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) менен байланышкан иште эмгектенген жумушчулар жана аны аткарган учурда жумушчулардын азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты жана (же) тамак-аш продукциясы менен түздөн түз контактта болгон шартта, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, жумушка алып жаткан учурда милдеттүү алдын ала жана мезгилдүү медициналык кароодон өтүп турат |
|
|
5 | 12-берененин 2-пункту | Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процессинде колдонулган ар кандай агрегаттык абалдагы суу төмөнкү талаптарга шайкеш келиши керек: 1) тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процессинде колдонулган жана азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты жана таңгактоочу материалдар менен түздөн-түз контактта болгон суу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген ичүүчү сууга карата талаптарга шайкеш келиши керек; 2) тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процессинде колдонулган жана азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты жана таңгактоочу материалдар менен түздөн-түз контактта болгон буу тамак-аш продукциясынын булгануу булагы болуп саналбашы керек; 3) тамак-аш продукциясын өндүрүүдө (даярдоодо) колдонулган муз Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген ичүүчү сууга болгон талаптарга шайкеш келген ичүүчү суудан даярдалышы керек |
|
|
6 | 14-берененин 2-пункту | Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) ишке ашырылган өндүрүштүк имараттар төмөнкүдөй жабдылышы керек: 1) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин белгиленген мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген табигый же жасалма жарык кылуу |
|
|
7 | 17-берененин 6-пункту | Транспорттук каражаттардын жүк салган бөлүмдөрү жана контейнерлер туруктуу негизде тазаланып, мезгили менен жууп, дезинфекциялоодон өтүп турушу керек, бул транспорттук каражаттардын жүк салган бөлүмдөрү жана контейнерлер продукциянын булгануу булагы болуп калбашы үчүн зарыл. Транспорттук каражаттардын жүк салган бөлүмдөрүнүн жана контейнерлердин ички бетин жуу үчүн колдонулган суу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген ичүүчү сууга болгон талаптарга ылайык келиши керек |
|
|
8 | 17-берененин 10-пункту | Тамак-аш продукциясын сактоо, ташуу (транспорттоо) жана сатуу менен байланышкан иште эмгектенген жана аны аткарган учурда жумушчулардын азык-түлүк (тамак-аш) чийки заты жана (же) тамак-аш продукциясы менен түздөн түз контактта болгон шартта, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, жумушка алып жаткан учурда милдеттүү алдын ала жана мезгилдүү медициналык кароодон өтүп турат |
|
|
9 | 18-берененин 2-пункту | Ушул техникалык регламенттин жана (же) Бажы бирлигинин тамак-аш продукциянын айрым түрлөрүнө техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын жаныбарларга тоют катары пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим мамлекеттик ветеринардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органдар же ветеринария жаатындагы Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктуу жактар тарабынан кабыл алынат |
|
|
10 | 18-берененин 8-пункту | Ушул техникалык регламенттин жана (же) Бажы бирлигинин тамак-аш продукциянын айрым түрлөрүнө техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын, анын ичинде жарактуу мөөнөтү аяктаган тамак-аш продукциясын Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругу боюнча утилдештирүү учурунда өндүрүүчү жана (же) импорттоочу жана (же) сатуучу утилдештирүү жөнүндө жазма буйрук чыгарган мындай мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органына бул тамак-аш продукциясы Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте утилдештирүү фактысын тастыктаган документти көрсөтүүгө милдеттүү |
|
|
11 | 19-берененин 3-пункту | Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына, ошондой эле Бирликтин ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндөгү укугун түзгөн эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык союла турган малдын абалы алардан алынган азыктарды тамак-аш максаттарына пайдаланууга мүмкүндүк берген тамак-ашка жарамдуу жаныбарларды тамак-аш максатында пайдалануу үчүн союуга жол берилет |
|
|
12 | 19-берененин 6-пункту | Суудагы биологиялык ресурстарды кармоону кошпогондо, тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) үчүн арналган жаныбарлардан алынган башка иштетилбеген азык-түлүк (тамак-аш) чийки зат Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына, ошондой эле Бирликтин ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндөгү укугун түзгөн эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык мындай чийки затты тамак-аш максаттарына пайдаланууга мүмкүндүк берген союуга жарамдуу жаныбарлардан алынууга тийиш |
|
|
13 | 30-берененин 3-пункту | Ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү жана анын жыйынтыктарын тариздөө Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына, ошондой эле ветеринардык-санитардык чаралар боюнча Бажы бирлигинин макулдашуусуна ылайык жүргүзүлөт |
|
|
14 | 31-берененин 7-пункту | Өндүрүштүк объектти мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз келип түшкөн убакыттан баштап 30 күндөн ашпаган мөөнөттө өндүрүштүк объекттерди каттоо боюнча орган катталып жаткан өндүрүштүк объекттердин ушул техникалык регламенттин жана (же) Бажы бирлигинин тамак-аш продукциянын айрым түрлөрүнө техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигине текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү. Текшерүү Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат |
|
|
15 | 37-берененин 1-пункту | Чарба ишинин катышуучусу ушул техникалык регламенттин 32-беренесинде көрсөтүлгөн тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процесстеринен тышкары, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча органга мындай тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча ишинин башталышы жөнүндө арызы жибергенден кийин тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча ишин баштоого укуктуу |
|
|
16 | 37-берененин 2-пункту | Бажы бирлигине мүчө мамлекеттер ушул техникалык регламенттин 32-беренесинде көрсөтүлгөн тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процесстеринен тышкары, тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча ишин жүргүзүп жаткан өндүрүштүк объекттерге эсеп жүргүзөт |
|
|
17 | 37-берененин 3-пункту | Ушул техникалык регламенттин 32-беренесинде көрсөтүлгөн тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) процесстеринен тышкары, тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча ишин жүргүзүп жаткан өндүрүштүк объекттер жөнүндө маалымат Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлгөн мамлекеттик каттоого таандык эмес тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрине киргизилет. Мамлекеттик каттоого таандык эмес тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча өндүрүштүк объекттердин реестри бузулуулардан жана уруксатсыз кирүүдөн корголгон маалыматтардын электрондук базасы формасында жүргүзүлөт. Мындай реестрдин маалыматтары жалпыга жеткиликтүү болуп саналат жана күн сайын жаңыланып турган Интернет тармагынын адистештирилген издөө серверине жайгаштырылат |
|
|
18 | 38-берене | Тамак-аш продукциясына карата ушул техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик контроль (көзөмөл) жана ага байланышкан тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо), сатуу жана утилдештирүү процесстери Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат |
|
|
3. "Тамак-аш продукциясы, аны маркалоо бөлүгүндө" ББ ТР (ББ ТР 022/2011) | ||||
19 | 4-берененин 4.1-бөлүгүнүн 2-пункту | Таңгакталган тамак-аш продукциясынын ушул берененин 4.1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган жана жазуу түрүндө түшүрүлгөн маркалоосу орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзамдарында тийиштүү талаптар болсо, ушул берененин 4.8-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурлардан тышкары, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түшүрүлүүгө тийиш |
|
|
20 | 4-берененин 4.2-бөлүгүнүн 2-пункту | Транспорттук таңгакка салынган тамак-аш продукциясынын ушул берененин 4.2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган жана жазуу түрүндө түшүрүлгөн маркалоосу орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзамдарында тийиштүү талаптар болсо, ушул берененин 4.8-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурлардан тышкары, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түшүрүлүүгө тийиш |
|
|
21 | 4-берененин 4.9-бөлүгүнүн 6-пункту | Тамак-аш продукциясындагы витаминдердин жана минералдык заттардын көлөмү Бирдиктердин эл аралык системасынын (СИ) чоңдук бирдиктеринде (миллиграммдарда же микрограммдарда) же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Бажы бирлигине мүчө мамлекетте колдонууга жол берилген башка чоңдук бирдиктеринде көрсөтүлүүгө тийиш |
|
|
22 | 4-берененин 4.10-бөлүгүнүн 2-пункту | Тамак-аш продукциясынын айырмалоочу белгилери, анын ичинде тамак-аш продукциясында ГМОдон (же) ГМОну колдонуу менен алынган компоненттердин жоктугу жөнүндө маалымат бул жарыялоону тамак-аш продукциясынын маркалоосунда көрсөткөн жак тарабынан түзүлгөн же үчүнчү жактардын катышуусу менен алынган далилдер менен тастыкталышы зарыл. Тамак-аш продукциясынын айырмалоочу белгилеринин болушунун далилдери аталган тамак-аш продукциясын Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагында жүгүртүүгө чыгарган уюмдарда же жеке ишкерлерде сакталууга тийиш жана Бажы бирлигинин мыйзамдары менен каралган учурларда көрсөтүлөт |
|
|
4. "Жемиштерден жана жашылчалардан жасалган шире продукциясына техникалык регламент" ББ ТР (ББ ТР 023/2011) | ||||
23 | 8-берененин 12-пункту | Бажы бирлигинин жемиштерден жана (же) жашылчалардан жасалган шире продукциясына карата ушул техникалык регламентинин талаптарын сактоону жана аларды өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу менен байланышкан процесстердин талаптарын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат |
|
|
5. "Тоң май продукциясына техникалык регламент" ББ ТР (ББ ТР 024/2011) | ||||
24 | 21-берене | Тоң май продукциясы ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келүүсүн, аны өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу процесстерин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт |
|
|
6. "Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 033/2013) | ||||
25 | IV бөлүмдүн 10-пункту | Айыл чарба базарларында чийки сүттү адистештирилген транспорттук каражаттардын тамак-аш продукциясы менен контакт болуу үчүн арналган материалдардан жасалган идиштеринен же башка идиштерден керектөөчүнүн идишине куюп сатууда, сатуучулар (юридикалык жактар, жеке ишкер катары катталган жеке жактар жана жеке жактар) керектөөчүлөргө мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ветеринардык-санитардык экспертизанын өткөрүлгөндүгү жөнүндө документтерди көрсөтүүгө, ошондой эле керектөөчүлөргө чийки сүттү сөзсүз кайнатуу керектиги жөнүндө маалыматты жеткирүүгө тийиш |
|
|
26 | ХIV бөлүмдүн 101-пункту | Өндүрүштүк эмес жол менен даярдалган сүттүн жана сүт продукциясынын шайкештигин баалоо (тастыктоо) мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат |
|
|
27 | ХIV бөлүмдүн 110-пункту | Сүттүн жана сүт продукциясынын, аларды өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу процесстеринин ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт |
|
|
7. "Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 034/2013) | ||||
28 | ХVII бөлүмдүн 58-пункту | Жапайы (чарбалык) өндүрүмдүү жаныбарларды союу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат |
|
|
29 | ХI бөлүмдүн 117-пункту | Бүтүн этти, жарым этти, төрттөн бирин жана бөлүктөрүн маркалоо ушул техникалык регламенттин 106-116-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга, ошондой эле төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: а) бүтүн этке, жарым этке жана төрттөн бирине мүчө мамлекеттердин ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык ветеринардык эн тамга басылат; б) түздөн-түз бүтүн этке, жарым этке жана төрттөн бирине товар таануучулук эн тамгасын кошумча басууга жол берилет |
|
|
30 | XI бөлүмдүн 118-пункту | Субпродукттарды маркалоо ушул техникалык регламенттин 106-116-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга, ошондой эле төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш: а) транспорттук таңгакка мүчө мамлекеттердин ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык ветеринардык эн тамга түшүрүлөт |
|
|
31 | XI бөлүмдүн 119-пункту | Эттен жана субпродукттардан тоңдурулган блокторду маркалоо ушул техникалык регламенттин 106-116-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга, ошондой эле төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш: а) транспорттук таңгакка мүчө мамлекеттердин ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык ветеринардык эн тамга түшүрүлөт |
|
|
32 | XV бөлүмдүн 150-пункту | Ушул техникалык регламенттин союлган малдын продукттарына жана эт азыктарына жана алар менен байланышкан өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигинин мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт |
|
|
8. "Минералдык жер семирткичтерге карата талаптар жөнүндө" ББ ТР (ЕАЭБ ТР 039/2016) | ||||
33 | II бөлүмдүн 5-пункту | "даярдоочу ыйгарым укук берген жак" - Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте анын аймагында жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак, алар даярдоочу менен, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу менен түзүлгөн келишимдин негизинде Бирликтин аймагында минералдык жер семирткичтердин шайкештигин баалоодо жана жүгүртүүгө чыгарууда ошол даярдоочунун атынан иш-аракеттерди жүзөгө ашырат, ошондой эле минералдык жер семирткичтердин Бажы бирлигинин аларга карата колдонулбаган техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбегендиги үчүн жоопкерчилик тартат |
|
|
34 | VI бөлүмдүн 14-пункту | Минералдык жер семирткичтерди сактоо Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат |
|
|
35 | VII бөлүмдүн 26-пункту | Минералдык жер семирткичтерди маркалоо орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгон учурда аймагында минералдык жер семирткичтер сатылуучу мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түшүрүлөт |
|
|
9. "Балык жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ЕАЭБ ТР 040/2016) | ||||
36 | IV бөлүмдүн 9-пункту | Бажы бирлигинин аймагында жүгүртүүдө жаныбарлардан алынган кайра иштетилбеген тамак-аш балык продукциялары мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилүүчү ветеринардык сертификат жана товарды коштоочу документтер менен коштолот. Мүчө мамлекеттердин ортосунда ташылуучу, ветеринардык контролдо (көзөмөлдө) болгон, үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген же Бажы бирлигинин аймагында өндүрүлгөн жаныбарлардан алынган кайра иштетилген тамак-аш балык продукциялары эпизоотиялык бакубаттыкты ырастаган ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүсүз мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилүүчү ветеринардык сертификат менен коштолот |
|
|
37 | IV бөлүмдүн 12-пункту | Ушул техникалык регламенттин жана Бажы бирлигинин ага карата колдонулуучу башка техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбеген тамак-аш балык продукциялары, анын ичинде жарактуулук мөөнөтү өткөн тамак-аш балык продукциялары, ошондой эле менчик ээси тамак-аш балык продукциясына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн анын кайдан алынгандыгын ырастай албаган тамак-аш балык продукциясы тамак-аш балык продукцияларынын менчик ээси тарабынан өз алдынча же мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын жазма буйругу менен жүгүртүүдөн алып салынууга тийиш |
|
|
38 | V бөлүмдүн 14-пункту | Тамак-аш балык продукциялары мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү суу-биологиялык ресурстарынын коопсуздугуна пландуу мониторингдин маалыматтарына ылайык коопсуз уулоо (кармоо) райондорунан жана ветеринардык жактан бакубаттуу чарбалардан (ишканалардан) чыккан аквакультура объекттеринен алынган (кармалган) суу-биологиялык ресурстарынан даярдалууга тийиш. Мониторингдин маалыматтары мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий сайттарында Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагына жайгаштырылууга тийиш |
|
|
39 | IV бөлүмдүн 33-пункту | Тамак-аш балык продукцияларын глазирлөө үчүн же глазирлөө үчүн эритмелерди даярдоодо колдонулуучу суу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген ичүүчү сууга болгон талаптарга же ичүүчү суу шайкеш келүүчү микробиологиялык ченемдерге жана гигиеналык талаптарга шайкеш келген таза сууга коюлуучу талаптарга шайкеш келүүгө тийиш |
|
|
40 | IX бөлүмдүн 72-пункту | Тамак-аш балык продукцияларын маркалоодо камтылган маалымат орус тилинде жана Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциялары аны маркалоо бөлүгүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР (022/2011) 4-беренесинин 4.8-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, мүчө мамлекеттин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгон учурда аймагында тамак-аш балык продукциясы сатылуучу мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (тилдеринде) түшүрүлүүүгө тийиш |
|
|
41 | IX бөлүмдүн 82-пункту | Тамак-аш балык продукцияларын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин ушул техникалык регламенттин жана Бажы бирлигинин аларга карата колдонулуучу башка техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоо ушул техникалык регламенттин 83-пунктунда көрсөтүлгөн тамак-аш балык продукцияларын өндүрүү процесстерин кошпогондо, ушул техникалык регламенттин жана Бажы бирлигинин ага карата колдонулуучу башка техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасында жүргүзүлөт |
|
|
42 | XI бөлүмдүн 83-пункту | Жаныбарлардан алынган аквакультура жана жаныбардан алынган кармалган суу-биологиялык ресурстарынын тамак-аш продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү процесстеринин шайкештигин баалоо Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 021/2011) жоболоруна ылайык өндүрүш объекттерин мамлекеттик каттоо формасында жүргүзүлөт |
|
|
43 | XI бөлүмдүн 84-пункту | Кызматтарды көрсөтүүдө сатуу үчүн арналган, ошондой эле көрсөтүлгөн тамак-аш балык продукцияларын өнөр-жайлык эмес даярдалган тамак-аш балык продукцияларынын жана тамак-аш ишканаларынын (коомдук тамактануу) тамак-аш балык продукцияларын, ошондой эле баалоо аталган азык-түлүктүк балык продукциясын сатуу процесстеринин шайкештигин баалоо ушул техникалык регламенттин жана Бажы бирлигинин аларга карата колдонулуучу башка техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө формасында жүргүзүлөт |
|
|
44 | XI бөлүмдүн 85-пункту | Жаныбардан алынган, өнөр-жайлык эмес даярдалган тамак-аш балык продукциясынын ушул техникалык регламенттин жана Бажы бирлигинин аларга карата колдонулуучу башка техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоо ветеринардык-санитардык экспертиза формасында жүргүзүлүшү мүмкүн |
|
|
45 | XIII бөлүмдүн 103-пункту | Тамак-аш балык продукцияларына жана ага коюлуучу талаптарга байланышкан өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт |
|
|
10. "Канаттуулардын этинин жана аны кайра иштетүүдөн алынган азыктардын коопсуздугу жөнүндө" ББ БР (ЕАЭБ ТР 051/2021) | ||||
46 | IV бөлүмдүн 11-пункту | Бажы бирлигинин аймагында жүгүртүүдө союлган канаттуулардын продукттары мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдары берген ветеринардык сертификат жана товарды коштоочу документтер менен коштолот. Мүчө мамлекеттердин ортосунда ташылуучу, ветеринардык контролдо (көзөмөлдө) болгон, үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген же Бажы бирлигинин аймагында өндүрүлгөн канаттуулардын этинен жасалган продуциялар мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүсүз берилүүчү жана жугуштуу оорулардан расмий бошотулган аймактардын эпизоотиялык бакубаттуулугун ырастаган ветеринардык сертификат менен коштолот. Ветеринардык контролдо (көзөмөлдө) болгон союлган канаттуулардын продукттарынын жана канаттуулардын этинен жасалган продукциялардын ар бир партиясы жөнөткөн өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан берилген ветеринардык сертификаты болгон учурда Бажы бирлигинин аймагына ташып келинет |
|
|
47 | V бөлүмдүн 21-пункту | Союлган канаттуулардын продукттарында жана канаттуулардын этинен жасалган продукцияда бацитрацин, левомицетин (хлорамфеникол) сыяктуу антибиотиктердин жана тетрациклин тобундагы антибиотиктердин болушу Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 021/2011) талаптарына ылайык контролдонот. Союлган канаттуулардан алынган продукттарда камтылышы союлган канаттуулардан алынган продукттарды Бажы бирлигинин аймагына ташып келүүдө же союлган канаттуулардан алынган продукттарды мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра иштетүү үчүн жеткирүүдө аларды даярдоочу (берүүчү) тарабынан берилүүчү аларды колдонуу жөнүндө маалыматка ылайык контролдонуучу ветеринардык дары каражаттарынын (канаттууларды өстүрүү стимуляторлорунун, микробго каршы жана башка дары препараттарынын) калдык санынын максималдуу жол берилген деңгээлдери тиркемеге ылайык талаптарга жооп берүүгө тийиш |
|
|
48 | IV бөлүмдүн 32-пункту | Тамак-аш максаттарында пайдалануу үчүн абалы мүчө мамлекеттин мыйзамдарына жана ветеринардык-санитардык чаралар жаатындагы Бажы бирлигинин укугун түзгөн актыларга ылайык келген канаттууларды союуга жол берилет. Союу үчүн өндүрүштүк объектке келип түшкөн канаттуу мүчө мамлекеттин мыйзамдарында, ошондой эле ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндө Бажы бирлигинин укугун түзгөн актыларда белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык союу алдындагы ветеринардык кароодон өтөт |
|
|
49 | XII бөлүмдүн 43-пункт | Муздатуу процесси аяктагандан кийин канаттуунун бүтүн этин өлчөөнүн каалаган чекитинде минус 1 ºСдан 4 ºСга чейинки температура камсыз кылынууга тийиш. Сууда муздатууда (чөмүлтүү жолу менен) жана (же) суу чачуу жолу менен муздак абада муздатууда канаттуулардын бүтүн этинде микроорганизмдердин көбөйүп кетүү тобокелдигин азайтуу үчүн микробго каршы технологиялык көмөкчү каражаттарды Бажы бирлигинин "Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчүлөрдүн жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна коюлуучу талаптар" (ББ ТР 029/2012) техникалык регламентинин талаптарына ылайык колдонууга жол берилет. Канаттуулардын бүтүн этин сууда муздатуунун (чөмүлтүү жолу менен) жана (же) суу чачуу жолу менен муздак абада муздатуунун технологиялык операцияларында мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык ичүүчү сууда хлордун жол берилген концентрациясынан ашык активдүү хлорду камтыган эритмелерди колдонууга жол берилбейт. Сууда муздатуунун (чөмүлтүү жолу менен) технологиялык операцияларында муздатуучу ванналардагы канаттуулардын бүтүн этинин кыймылынын багыты мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген ичүүчү сууга карата талаптарга шайкеш келген куюлган суунун багытына карама-каршы болууга тийиш |
|
|
50 | XII бөлүмдүн 114-пункту | Канаттуулардын этин маркалоо ушул техникалык регламенттин 103-108 жана 110-112-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга, ошондой эле төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш: а) маркалоодо канаттуулардын түрү жана жашы боюнча тобу (мисалы, "индюк", "жөжө индюк"), бүтүн этти иштетүү ыкмасы (мисалы, "ич эти алып салынган", "ичеги-карыны жана моюну менен"), сорту же категориясы, ошондой эле термикалык абалы ("муздатылган", "тоңдурулган") жөнүндө маалымат көрсөтүлөт; б) таңгакка мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык ветеринардык эн тамга же анын этикеткадагы сүрөтү түшүрүлөт |
|
|
51 | XIV бөлүмдүн 131-пункту | Канаттуулардын этинен жасалган продукциянын шайкештигин декларациялоодо арыз ээси болуп мүчө мамлекеттин аймагында анын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган, даярдоочу же сатуучу (импорттоочу) же болбосо даярдоочу ыйгарым укук берген жак болуп саналган юридикалык жак же жеке жак болушу мүмкүн |
|
|
52 | XIV бөлүмдүн 135-пункту | Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу үчүн негиз болгон документтердин топтому өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: а) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты же жеке жакты жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодо ыйгарылуучу арыз ээсинин каттоо же эсептик (жеке, идентификациялык) номери жөнүндө маалыматтар |
|
|
53 | XVI бөлүмдүн 147-пункту | Союлган канаттуулардын продукттарына жана канаттуулардын этинен жасалган продукцияга жана аларга карата талаптар менен байланышкан өндүрүү, сактоо, ташуу (транспортировка), сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата ушул техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт |
|
|
11. "Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР (ББ ТР 031/2012) | ||||
54 | 6-берененин 7-пункту | Документтердин топтому орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзамдарында тиешелүү талаптар бар болсо мамлекеттик тилде (тилдерде) аткарылууга тийиш |
|
|
55 | 5-тиркеменин 9.4.1-пункту | Ушул тиркеменин 9-пунктунун 9.2-пунктчасында каралган маркалоо орус тилинде жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзамдарында тиешелүү талаптары бар болсо мамлекеттик тилде (тилдерде) аткарылат. Ушул тиркеменин 9-пунктунун 9.2 жана 9.3-пунктчаларында каралган маркалоо үчүн араб цифралары колдонулууга тийиш |
|
|