Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 337 токтомуна)
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу боюнча талаптарды белгилеген "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 121-статьяларына ылайык иштелип чыккан. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү тиешелүү тармакта муниципалдык менчикти башкаруу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
2. Ушул Тартипте көрсөтүлгөн менчиктештирүү методдорун колдонуу муниципалдык менчикте турган имараттарга бекитилген жер участокторунан тышкары, жер участоктору түрүндөгү муниципалдык мүлккө жайылтылбайт.
3. Электрондук форматта өткөрүлүүчү аукциондо сатуу түрүндөгү менчиктештирүү методу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 519 "Муниципалдык мүлктү сатуу боюнча электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Муниципалдык мүлктү сатуу боюнча электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
4. Мамлекеттик менчик объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жолу менен түзүлгөн муниципалдык мүлк, эгерде бул мүлк муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген чечимдин негизинде башкача көрсөтүлбөсө, менчиктештирүүгө тийиш эмес.
5. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү ушул Тартипте берилген менчиктештирүү методдорун колдонуу менен жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилген муниципалдык мүлктү менчиктештирүү программасынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык мүлктү менчиктештирүү программасынын ишке ашырылышы жана муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорунун сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
7. Менчиктештирүү объекттери болуп "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу таандык болгон муниципалдык менчик объекттери саналат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык мүлктү сатуучу болуп саналат.
9. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар болуп аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке адамдарды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле муниципалдык ишканалар жана муниципалдык мекемелер саналат.
10. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча сатуучунун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген менчиктештирүү программасына киргизилген объекттерди менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу;
2) мүлктү баалоо жана тооруктарды уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү адистештирилген уюмдарды, эксперттерди келишимдик негизде тартуу;
3) тооруктарга катышууга уруксат берүү үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмегин аныктоо;
4) тооруктарга катышуу үчүн талапкерлер тарабынан кепилденген төгүмдү төлөөнүн шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктоо (эгерде кепилденген төгүмдү төлөө зарыл болсо);
5) талапкерлерден кепилденген төгүмдүн төлөнгөндүгүн текшерүү (кепилденген төгүм болсо);
6) тооруктарга катышууга талапкерлерден өтүнмөлөрдү кабыл алуу датасын, ордун, башталышын жана аякташын аныктоо;
7) тооруктарды өткөрүү датасын, убактысын, ордун жана форматын аныктоо;
8) тооруктарды өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнү өз убагында жарыялоону камсыз кылуу;
9) тооруктарга катышууга талапкерлерден өтүнмөлөрдү жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу, ошондой эле өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналына келип түшкөндүгүнө жараша алардын эсебин жүргүзүү;
10) талапкерлер берген документтердин тооруктарды өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө жарыяланган тизмегине ылайык келишин текшерүү;
11) менчиктештирүү объектинин тооруктарына катышууга талапкерлердин кароо шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктоо;
12) комиссиянын протоколунун негизинде тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү;
13) тооруктардын жыйынтыгы боюнча сатып алуучу менен келишим түзүү;
14) тооруктардын жеңүүчүсү менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
15) сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарына ылайык мүлктү сатып алуучуга өткөрүп берүүнү камсыз кылуу;
16) тооруктардын жыйынтыктары боюнча келишимдердин аткарылышына контролду камсыз кылуу;
17) тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтык билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарында өз убагында жарыялоону камсыз кылуу.
11. Сатуучу тооруктардан каалаган убакта, бирок аны өткөрүү жарыяланган датага чейин үч жумуш күндөн кечиктирбестен, бул жөнүндө тоорукка катышууга талапкерлерге талаптагыдай кабарлоо менен баш тартууга укуктуу.