Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-июну № 337
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө
Муниципалдык мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун оптималдаштыруу, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 121-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонууда ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти колдонуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымат берүүнү жана окутууну камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |