Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-апрели № 187
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарды түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү) өз убагында каттабагандыгы үчүн туумдарды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарды түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү) өз убагында каттабагандыгы үчүн туумдарды эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |